МАГНИТТИК АНОМАЛИЯЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАГНИТТИК АНОМАЛИЯЛАР - Жердин магнит талаасынын кадимки абалынан четтеши.
М. а. оң (көбөйгөн) да терс (азайган) да болот. Картада жер магнетизминин бирдей маанидеги чекиттерин туташтырып туруучу сызык түрүндө белгиленет. Ээлеген аймагы боюнча континенттик, аймактык, локалдык М. а-га бөлүнөт. К о н т иненттик М. а. 10-100 миң км2 аянтты кучагына алып, мында бирдей магниттүү талаалар (диполь талаалары) нормалдуу талаа болуп эсептелет, мисалы, Чыгыш Сибирь, Зонд а. А й м а к т ы к М. а. 1-10 миң км2 аянтты ээлеп, жер кыртышынын түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мисалы, Сибирь, Чыгыш Европа платформалары. Жергиликт ү ү М. а. бир нече м2дан жүздөгөн км2 аянтты камтып, жер кыртышынын үстүнкү бетинин түзүлүшүнө, тоо тектеринин магниттелишине көз каранды болот (темир кени жаткан жерлер, мисалы, Курск Магниттик аномалиясы). Ошол себептен кен байлыктарды издөөдө, чалгындоодо магниттик съёмка ыкмасы кеңири колдонулат.