МАГНИТСИЗДЕНҮҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАГНИТСИЗДЕНҮҮ - тышкы магниттөөчү талааны алып таштагандан кийин ферромагниттүү нерседеги калдыктуу магниттин азайышы. Мененү бир нече жол менен ишке ашырууга болот. Эгерде домендердин магниттелүү векторлору чар жайыт жайгашып, үлгүнүн ар кандай кесилиши боюнча орт. магниттенүүсү нөлгө барабар болсо, ал магңитсизденет. Нерсе Кюри температурасынан жогору ысытылганда ал магниттик касиетин толук жоготот. Бирок мындай ыкма колдонулбайт, себеби, ысытуудан материалдын механикалык ж. б. касиеттери өзгөрөт. Мененүн экинчи ыкмасында үлгүнү кайра магниттөө үчүн амплитудасы акырындык менен нөлгө чейин кичирейүүчү өзгөрмө магнит талаасы колдонулат. Мында М-чү өзгөрмө магнит талаасынын максимум амплитудасы магниттөөчү талааныкынан кичине болбошу керек. М. магнитсиздендирүүчү талаанын жыштыгына, азаюу ылдамдыгына, үлгүнүн калыңдыгына көз каранды. Материалдын магнит өткөрүмдүүлүгү жогору болсо Мененүн ылдамдыгы азаят.