МАГНИТОГРАФ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАГНИТОГРАФ (грекче та^пзНз - магнит жана ...граф) - Жердин магнит талаасынын өзгөрүшүн (магниттик вариация) үзгүлтүксүз каттап ту­РУУчу аспап. Бир же бир нече магнит вариомет­ринен жана каттоочу аппараттан турат. Эң жөнөкөйүндө фотокаттагыч, жарык бергич, 3 оптикалык вариометр бар. Вариометрдин сез­гич элементи үчүн ичке зымга илинген магнит жебеси (күзгү менен кошо) алынган. Мунун жар­дамы менен Жердин магнит талаасынын бир нече секундадан бир нече айга созулган вариациясы тасмада (фотоплёнкада же фотокагазда) ~10"5э тактыкта жазылат. Андагы магнитограммага карап, магнит вариациясынын убактысы, амп­литудасы (термелүүсү), мезгили аныкталат. 21- к-дын башынан «М.» термини магниттик вари­ацияларды өлчөөчү прибор маанисинде дээрлик колдонулбай, күн магнифографын түшүндүрүп калды.