МАГНИТ КАРШЫЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАГНИТ КАРШЫЛЫГЫ - магнит тизмегин мүнөздөөчү чоңдук; магнит тизмегине аракет кылган Р магнит кыймылдаткыч күчүнүн магнит тизмегинде пайда болгон Ф магнит
агымына болгон катышы. Ал Д_ =—-— формуласы боюнча эсептелет, мында, р. - магнит өткөрүмдүүлүгү, ц0 - магнит турактуулугу, I жана 8 - магнит тизмегинин бөлүгүнүн узундугу жана туурасынан кесилиш аянты. Алынган формула «магниттик азаюуну», тизмектеги магнит талаасынын бир тектүү эместигин, М. к-нын магнит талаасынан сызыктуу эмес көз карандылыгын эске албагандыктан болжолдуу болуп эсептелет. Өзгөрмөлүү магнит талаасындагы М. к. - комплекстүү чоңдук, себеби бул учурда ц электр магниттик термелүүнүн жыштыгына көз каранды. Эл аралык бирдиктер системасында М. комитетын бирдиги үчүн ампердин веберге (А/Вб) болгон катышы алынган.