МАГНИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАГНИЙ (латынча’ Ма^пезшт), М& - элементтердин мезгилдик системасынын II тобундагы химиялык элемент. Катар номери 12, атомдук массасы 24,312. Жаратылышта туруктуу 3 изотоптон 24М§, 25М§, 26М£ турат. 1808-жылы англ. химик Г. Деви ачкан. М. - ак, күмүш түстүү, өтө жеңил металл, эрүү I 651°С; кайноо I 1107°С. Атомдук радиусу 1,60А, тыгыздыгы 1,739 г/см?. М. массасы боюнча жер кыртышында 2,10%ти түзөт. М. 200гө жакын минералдардын курамында кездешет. Өндүрүштө магнезит, доломит жана карналит минералдарынан алынат. Ө. ж-да суусуз М§С12 же
карналлитке аз өлчөмдө натрий, калий, кальций туздарын кошуп, 720-750°Сде эритип, электролиздөө жана доломитти же М§О2ни көмүр, кремний, алюминийдин жардамы аркылуу калыбына келтирүү менен алынат. Бирикмелерде дайыма II валенттүү, химиялык жактан өтө активдүү, абада тез кычкылдангандыктан, металлды андан ары сактоочу жука кабыкча М&О менен капталат. Бул кабыкча 350°Сге чейин гана туруктуу. Температура 600-650°Сге жеткенде магний күйүп, оксидди М^О, азот менен нитридци Ме3ЬГ2 көмүртек менен карбиддерди М£С2, М£2С3, суутек, галогендер же күкүрт, 8О2, N^8 менен ысытууда гидридци МцН2, галогениддерди жана сульфидди М&8 пайда кылатынча Концент. күкүрт кислотасында же анын азот кислотасы менен болгон аралашмасында, ошондой эле щелочтордун эритмесинде эрибейт. Бирок аммонийдин же НаНСО3түн суудагы эритмесинде жакшы эрип, комплекстүү катиондорду пайда кылатынча М. көпчүлүк металлдарды алардын туздарынын суу эритмесинен сүрүп чыгарат. Минерал кислотанын суюлтулган эритмелери менен реакцияга кирет. Үстүнкү бетине фторид М^Г2 кабыкча пайда болгондуктан, плавик кислотасында эрибейт. М. - күчтүү калыбына келтиргич, кээ бир металл жана металл эместерди оксиддери менен галогениддеринен сүрүп чыгарат. Сууда эрүүчү туздарына щелочторду таасир этүүдөн М. гидроксиди чөкмө түрүндө алынат. М-дин А1, 2п, Мп ж. б. куймалары жеңилдиги, бекемдиги, коррозияга туруктуулугу менен маанилүү. М. машина жана самолёт куруу ө. ж-нда, медицинада колдонулат. Б. М. Боркоев.