МАГИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
МАГИЯ (латынча ша£1а - сыйкыр), с ы й к ы р ч ылык, көз боёочулук, көз байлооч у л у к - адамдын (көз боочу, маг) адамдарга жана жаратылыш кубулуштарына таасир этүүчү табияттан тышкары жөндөмдүүлүгүнө ишенүүгө байланышкан ырым-жырымдар. М. адамдардын алгачкы коомунда келип чыккан жана бардык эле диндердин ырым-жырымдарынын элементи болуп калган. М-лык каада-салттар дүйнө элдеринде көп түрдүү. Үрөн себүүгө, эгин жыйноого, аң уулоого ж. б. байланышкан М-лар кеңири тараган. Кыргыздардын тумар тагынганы, жамгырды, шамалды чакырып алууга ишенип, жер-суу таюусу ж. б. М-лык жөрөлгөлөргө жатат. М-га ишенүү дүйнө элдеринде азыр да кезигет.