МАВРИТАНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

Ад.: Маврикий//Большая Российская энциклопе­дия. Т. 18. М„ 2011; Маврикий//БРЭ. Т. 18. М„ 2011. МАВРИТАНИЯ Африканын түндүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Батыш Сахара, түндүк-чы­гышынан Алжир, чыгышынан жана түштүк-чыгы­шынан Мали, түштүгүнөн Сенегал менен чекте­шип, батышынан Атлантика океаны менен чул­ганат (жээк сызыгынын узундугу 754 км). Аянты

1030,7 миң клг2. Калкы 3,3 миллион (2010). Борбо­ру - Нуакшот. Администрациялык-аймактык жактан 13 облуска (ви­лайетке) бөлүнөт. Акча бирдиги - угия.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

Облустары (вилайеттери)

Аянты, миң км2

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Адрар

214,3

58,3

Атар

Асаба

36,6

316,7

Киффа

Бракна

37,1

269,8

Алег

Гидимака

10,3

249,9

Селибаби

Горголь

13,6

295,5

Каэди

Дахлет-Нуадибу

22,3

83,2

Нуадибу

Иншири

46,8

10,7

Акжужт

Тагант

94,2

65,3

Тижикжа

Тирис-Земмур

251,9

72,2

Фдерик

Трарза

67,8

283,3

Росо

Ход-эль-Гарби

53,4

253,6

Аюн-эль-Атрус

Ход-эш-Шарки

181,4

317,5

,'Нема

Нуакшот

1,0

798,7 ,,

Нуакшот

М. - БУУнун (1961), Африка союзунун (1963; 2002-жылы чейин Бириккен Африка уюму), Ислам конференция уюмунун (1969), Араб өлкөлөрү лига­сынын (1973), ЭВФтин (1963), Эл аралык

ре­конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - ислам­дык республика. Мамлекет жана өкмөт башчы­сы - президент, 5 жылга шайланат. Ал - жо­горку башкы командачы. Мыйзам чыгаруу бий­лигинин жогорку органы - эки палаталуу пар­ламент. Жогорку палатасы - Сенат, төмөнкү па­латасы - Улуттук Ассамблея. Аткаруу бийли­гин президент башында турган өкмөт ишке ашырат. Башкаруучу саясий партиялары: Де­мокр. күчтөрдүн союзу, Прогрессивдүү күчтөрдун союзу, Кайра жаралуу жана демократия үчүн респ. партия, Улуттук прогрессивдик альянс ж. б.

Т а б и я т ы.

Атлантика океанынын жээгин деңиз боюндагы аккумуляциялык ойдуң ээлеп, ага жакын кумдуу тайыз жерлер, аралдар орун алган. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Батыш Сахаранын аккумуляциялык-дёнуда­циялык түздүктөрү ээлейт. Батыш бөлүгүндө жа­пыз (200 м бийиктикке чейин) катмарланган түздүк жайгашкан. Өлкөнүн борбордук бөлүгү аркы­луу түндүктөн түштүктү карай дөңсөөлүү түз­дүктөрдүн жана платолордун (500-800 м) тилке­си (Етти түздүгү, Адрар жана Тагант супа плато­лору) созулуп жатат. Алардын үстүнкү бети таш­так чөлдүү келип, тегерегиндеги түздүктөргө тик урчуктар менен барып кошулат. Мененын чыгыш бөлүгүн кумдуу чөлдөр, түштүк бөлүгүн Сенегал д-нын аккумуляциялык аллювий түздүгү ээлейт. Мененын эң маанилүү кен байлыгы - темир кен-

МАВРИТАНИЯ

ташы; ошондой эле жез, алтын, шельфте - нефть, нефть-газ, өлкөнүн батыш бөлүгүндө цемент гипси, фосфорит, таш туз, күкүрт кендери бар.

Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө тропиктик чөл климаты өкүм сүрөт. Канар муздак агымынын таасиринен Атлантика океанынын кууш жээк тилкесинде эң суук айы - январдын орт. темп­расы 18°С, эң жылуу айы - сентябрдыкы 24°С.

Өлкөдөгү кумдуу дюналар.

Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50 ммден аз; жээктин түштүк бөлүгүндө, температура жайында 30°Сге чейин көтөрүлүп, жаан-чачындын өлчөмү 80-100 лглгге чейин жетет. Океандан алыс жай­гашкан аймактарда абанын орт. температурасы ян­варда 16-20°С, июлда 30-32°С (максимуму 45°Сден жогору). Кургак чыгыш шамалы мү­нөздүү. Жылдык жаан-чачыны 100 лглгге чейин, түндүк-чыгышта 50 лглгден да аз. Түштүгүндө суб­экватордук климат өкүм сүрөт. Эң суук айы - декабрь же январда 23-24°С, эң жылуу айы - май же июнда 36°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм, эң жаанчыл болгондо 450 лциге жетет. Нымдуу сезону 2-2,5 айга созулат; ноябрдан июнга чейин жаан-чачын дээрлик жаабайт. Кышында түндүк-чыгыштан, Сахарадан ысык жана кургак харматан шамалы согот. Түштүк чек арасы аркылуу аккан Сенегал д-нан башка ту­руктуу аккан суусу жок. Мененын жеринин басым­дуу бөлүгүн суу менен камсыз кылууда жер астын­дагы суу пайдаланылат.

Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн (87% ин) топурак кыртышы дээрлик жокко эсе болгон Сахаранын кумдуу жана таштуу чөлдөрү ээлейт. Бул жерге сейрек өскөн дан өсүмдүк-бадалдуу жана эфе­мерлүү чөп өсүмдүктөрү (ашеб) мүнөздүү. Мезгил­мезгили менен суу аккан нуктарда (вади) акация, тамариск кездешет. Мененын түштүк бөлүгүндө чөл­дөшкөн саванна (сахель), ошондой эле Сахаранын түштүк чет-жакасынын жарым чөлү жана бадалдуу сей­рек тркою таралган. Атлантиканы бойлой кет­кен чөлдөрүндө суккуленттер арбын.

М. жаныбарларга бай; сүт эмүүчүлөрдүн бОтан ашык, уялоочу куштардын 170тей,

сойлоочулар­дын 70тей түрү бар. Чөлдөшкөн саванналарда ири туяктуулардан - антилопа, жейрен ж. б. кездешет. Мененын бүт аймагы кургакчыл келип (анда жылдык жаан-чачындын 35-70% и гана түшөт), сугатка суу көп сарпталат, натыйжада топурак кыртышынын кайталанма шорлонушу тездеп, деградацияланууда. Чөлдөшкөн саван­наларга калк жыш отурукташып, сейрек токой­лор жок болууда; жээк зонасында шаарлардын көп жайгашкандыгынан биол. ар түрдүүлүк аза­юуда. Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн 1,7% аянтын ээлейт. Эң белгилүү улуттук пар­кы - Банк-д’ Арген Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген.

К а л к ы.

Мененын элинин басымдуу бөлүгүн (83,1%ин) маврлар (анын 1,5%и бедуиндер) түзөт; түштүк-батышында берберлер, тукулёр, фульбе, волоф, сонинке ж. б. улуттар жашайт. Калкынын 80% ке жакыны өлкөнүн түштүгүндө, негизинен Сенегал д-нын боюнда, Мали менен чек­теш аймакта отурукташкан. Расмий тили - араб тили. Ошондой эле пулар, сонинке жана волоф тилдери да колдонулат. Ислам динин тутат. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2

жерге 3,2 киши. Калкы­нын жашынын орт. узактыгы 60,4 жаш (эркек­териники - 58,2, аялдарыныкы - 62,6 жаш).

Нуакшоттогу башкы мечит.

Төрөлүү өтө жогору (1000 кишиге 34,1 бала; 2009), ал эми өлүм-житимдин деңгээли орточо (1000 кишиге 11,6 адам). Шаар калкы 41,2%. Ири шаарлары: Нуакшот, Нуадибу, Киффа, Росо.

Т а р ы х ы.

М-да байыртан эле тропикалык Африкадан жер ооп келген негроид расасында­гы элдер жашаган. 11-к-дын орто ченинде М. аймагында Альморавиддердин күчтүү мамлеке­ти түзүлгөн. 14-15-к-да М-де бийлик араб уруу­ларына өткөн. 15-к-да М-га европалыктар келе баштаган. 19-к-дын ортосунан фр. колониячы­лар мавританиялыктардын айыгышкан каршы­лыгын басып, аны Фр. Батыш Африканын ку­рамындагы колонияга айланткан (1920). М. эли­нин фр. баскынчыларга каршы күрөшү 2-дүй­нөлүк согуштан кийин күчөп, өлкөдө алгачкы саясий партиялар - Мавритания ынтымагы (1946-жылы негизделген), Мавритания прогрессчил

союзу (1947) түзүлгөн. Улуттук-боштондук кый­мылдын күчөшү Франция өкмөтүн Франция ын­тымакташтыгынын чегинде М-га 1958-жылы ав­тономия берүүгө мажбур болгон. 1960-жылы 28- ноябрда көз карандысыз Мавритания Ислам Рес­публикасы жарыяланган. Менены Мавритания эл­дик партиясы (МЭП) башкарган. 1961-жылдан

Мавритания Ислам Республикасынын президенти - Моха­мед ульд Абдель Азиз.

БУУга мүчө. 1963-жылдан М. Африкалык би­римдик уюмунун курамында. 1975-жылы М. Испа­ния жана Марокко менен болгон макулдашуунун негизинде Батыш Сахара облусу - Рио-де-Орону убактылуу башкарууга мүмкүндүк алган. Бирок аскердик куралдуу кагылышуулардын натый­жасында 1978-жылы бийлик Улуттук кайра жара­луу аскер комитетине өткөн (1979-жылдан Улуттук сактап калуу аскер комитети - УСАК). 1984-жылы кан төгүүсүз төңкөрүштөрдөн кийин бийликке пол­ковник Маауйя ульд Сиди Ахмед Тая келип, 2005-жылы 3-августта бийликтен кулатылган. Өлкөнү башкаруу Акыйкат жана демократия үчүн аскер советине (АДАС) өткөн. 2008-жылы 6-август­тагы кезектеги аскер төңкөрүшүнөн кийин бий­ликке президенттик гвардиянын начальниги Мохамед ульд Абдель Азиз келген. М. өкмөтү ички саясатында «өлкөнүн социалдык прогрес­син жана улуттук биримдигин камсыз кылуу­ну» көздөп, тышкы саясатында бейтараптык­ты, бардык өлкөлөр менен кызматташтыкты жак­таган, араб жана африка өлкөлөрүнүн биримди­ги үчүн күрөштү колдогон.

Экономикасы.

М. - өнүгүп келе жаткан жакыр өлкө. Экономикасынын негизин - мине­ралдык ресурстарды казып алуу, айыл жана ба-

Мавритания акчасы - угия.

лык чарбалары түзөт. ИДПнин көлөмү 6,8 миллиард доллар (2010), аны киши башына бөлүштүргөндө 2100 доллардан туура келет. ИДПдеги ө. ж. менен курулуштун үлүшү 46,7%, тейлөө чөйрөсүнүкү 40,8, а. ч-ныкы 12,5 (2008). М. 1960-жылдар­дын ортосуна чейин агрардык өлкө болгон (кал­ктын 80% ке жакыны көчмөн мал чарбасы менен кесиптенген). 1980-жылдан балык кармоо тез өнүгө баштаган. Мененын экономикалык өнүгүүсүнө өзүнүн энергетикалык ресурстарынын жетишсиздиги жана инфраструктурасынын (анын ичинде транспортунун) начардыгы тоскоол болууда. Тоо-кен ө. ж-нда жана балык чарбасында чет өлкөлүк (Канада, Араб жана Батыш Европа өлкөлөрү) капиталдын позициясы күчтүү. Минералдык ресурстарды ка­зып алуу ИДПнин 12% ин камсыз кылат. Ат­лантика океанынын шельфинен казылып алынган нефть толугу менен (700 миң г) экспорт­толот. Өлкө өз керектөөсү үчүн импорттук (не­гизинен Алжирден) нефтини (1 миллион гчамасын­да) пайдаланат. 2007-жылы 586,8 миллион кВт-с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Те­мир кенташын казып алуунун жана байытуунун мааниси зор (2000-09-жылдары жылына орто эсеп менен 11 миллион т). Ошондой эле жез кенташтары (28,8 миң т), алтын, гипс, фосфорит, сал (чоң) туз казылып алынат. Ө. ж-нын башкы борбор­лору: Нуадибу (нефть ажыратуу, болот эритүү заводдору, балык иштетүү ишканалары), Нуакшот (курулуш материалдары, самын кайнатуу, кант рафинаддоо заводдору, алкоголсуз ичимдиктер, нан-кондитер ишканалары) ж. б.

Өлкөнүн 0,2% жери иштетилет. Дыйканчы­лыкка мүнөздүү аймактары: Сенегал д-нын өрөө­нү, Сахел зонасы жана Сахаранын оазистери. Не­гизги а. ч. өсүмдүгү - күрүч, ак жүгөрү (сорго), курма, жүгөрү. Ошондой эле буурчак, таруу, жер жаң­гак, жашылча өстүрүлөт. Кой, эчки, бодо мал, төө асыралат. Балык жана деңиз продуктулары негизинен Сенегал д-нан жана Атлантика океа­нынын жээгинен кармалат.

Транспорттун негизги түрү - автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 10,3 миң км. Каэди - Мбут - Селибаби автома­гистралы курулууда (2010). Жалгыз Нуадибу - Зуэрат т. ж-нун узундугу 853 км (негизинен темир жана жез концентраттары ташылат). Нуакшот -

Жез кенин иштетүүчү фабрика.

Каэди т. ж-н куруу долбоорлонууда (430 км). Деңиз порттору: Нуадибу, Кансадо, Нуакшот. Нуакшот жана Нуадибу шаарында эл аралык аэро­порттору бар.

Экспортко темир, балык жана деңиз продукту­ларын, нефть, жез концентратын, алтын чыга­рат; негизги кардарлары: Кытай, Франция, Ита­лия, Испания, Япония, Нидерланд, Бельгия, Кот-д’Ивуар. Сырттан (Франция, Кытай, Испа­ния, АКШ, Бельгия, Бразилиядан) машина жана анын жабдууларын, нефть жана нефть про­дуктуларын, азык-түлүк жана күндөлүк керек­телүүчү товарларды сатып алат.

Билим берүү реформасы 1999-жылдан башталып, мектепке чейинки тарбиялоону, баш­талгыч, 7 жылдык билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 55,8%ти түзөт (2007). Гезиттери араб, француз тилдеринде чыгат. Улуттук радио жана теле­берүүлөрү француз, араб жана жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Улуттук маалымат агенттиги (1975) иштейт.

М. адабияты араб жана француз тилде­ринде жазылган. 19-к-да акындардын биринчи поэтикалык антологиясын Сид Ахмед ибн Амин аш-Шингит-түзүп, 1911-жылы жарыкка чыккан. 20-к-да араб тилдүү адабиятында негизги орунда поэзия турган (Сид Мохаммед ульд Бамб ж. б.). 20-к-дан поэзия, драматургия жана роман жанр­лары пайда болгон.

Неолит дооруна тиешелүү аскага тартылган сүрөттөр, петроглифтер Мененын байыркы искусство­сунун болгондугун далилдейт. 0. кылымдарда М. аймагында арабдык-бербердик маданият өнүк­көн. 20-к-да М-да европалык типтеги имараттар ку-

Шингетти. Эски шаар.

рулган. Өзгөчө тери иштетүү өнүккөн. 2004-жылы Нуакшот шаарында Франция маданий борборунун колдоосу алдында көчмөн элдердин музыкасы­нын 1-эл аралык фестивалы өткөн.

Ад.: Новейшая история Африки. 2-е изд. М., 1968; Уткин Г. Н. Мавритания (текст к карте 1:2500000). М., 1968; Вавилов В. В. Мавритания. М., 1989; Мавритания//Большая Российская энциклопедия. Т. 18. М., 2011.