МАВЛЯНОВ Асан: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАВЛЯНОВ Абдырахман Субанкулович [13. 9.

1947-жылы туулган, Ош, (азыркы Жалал-Абад обл., Жаңы-Жол (Аксы) р-ну), Кош-Дөбө айылы] - техника илимдеринин доктору (2003), проф. (1992), КР УИАнын корр. мүчөсү (2010), КРдин билим берүү­сүнүн отличниги (1993), КРдин билим берүүсүнө эм­гек сиңирген ишмер (1997), Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) инженердик-ку­рулуш институтун (1971), ошондой эле жерде аспирантураны (1975) бүтүргөн. Жаңы-Жол р-ндук № 12 жол эксплуатация­лоо башкармалыгында ин­женер (1965-66), ФПИде окутуучу (1971-75), улук окутуучу, доцент (1979-81), кафедра баш­чысы (1981-90), ФПИнин Оштогу филиалында директор (1990-91), Ош жогорку технол. кол­лежинде проректор (1991-93), ЖАМУну

уюш­туруу комиссиясынын төрагасы (1993-94), КМУ­да декандын орун басары (1994-95), 1995-жыл­дан Бишкек финансы экономикалык академиясынын рек­тору. ЮОдөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 моногра­фия жана 2 ойлоп табуусу жарык көргөн. «Даңк» медалы менен сыйланган.

Эмг.: Крупноформатная керамика. Ф., 1991; «The impact of a Microbiological Processing on the Structure of Clayey loamy soil», The American Ceramic Society's. Indiana, 2001.