МАВЛЯНОВ Гани: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

МАВЛЯНОВ Абдыкапар Субанкулович [4. 7. 1955-жылы туулган, Ош обл., Жаңы-Жол району, Кербен айылы (азыркы Жалал-Абад обл., Аксы району, Кербен ш.)] - милициянын генерал-майору (2008). КМДТИни

(1975), СССР ИИМ академиясын (1988) бүткөн. 1975-78-ж. Ош облусу Жаңы-Жол р-нундагы Ильич атындагы орто мектепте мугалим, 1978- 84-ж. КР ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгында бөлүмдүн инспектору, улук инспектору, 1984-86-ж. Со­вет р-ндук ички иштер бө­лүмүндө начальниктин орун басары, 1988-91-ж. Базар-Коргон р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальник, 1991-95-ж. Жалал­Абад обл. ички иштер башкармалыгында на­чальниктин орун басары, 1995-96-ж. жана 1997- 2007-жылы КР ИИМде, 1996-97-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыктарында начальник, 2007- 08-ж. КР Президентинин администрациясында коопсуздук кеңешинин катчысынын орун баса­ры, 2008-10-ж. КР ИИМдин Э. Алиев атындагы ака­демиясынын начальниги болуп иштеген.