МААЛЫМАТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
||
| 6-сап: | 6-сап: | ||
</p> | </p> | ||
[[Category:5-том, | [[Category:5-том,_101-200_бб]] | ||
31 октябрь 2026, саат 01:00 учурдагы соңку нуска
МААЛЫМАТ, информация (латынча т£огтаИоп - түшүндүрүү, кабардар кылуу, билдирүү) - оозеки же жазуу жүзүндө, же башка ыкма (шарттуу белгилердин, техникалык каражаттардын жардамы менен) менен берилүүчү алгачкы кабар; адам менен адамдын, адам менен автоматтын, автомат менен автоматтын ортосундагы маалыматтарды камтыган жалпы илимий түшүнүк; айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү сигнал алмашуу; клеткадан клеткага, организмден организмге белгилердин берилиши; кибернетиканын нег. түшүнүктөрүнүн бири. 20-к-дын ортосунан баштап «М.» түшүнугү кибернетика, информатика, информация теориясынын өнүгүшүнө жана компъютер техникасынын жайылтылышына байланыштуу баштапкы жалпы илимий категориялардын бири болуп калды. Ал М. булагынын, М. алуучунун жана М. берүүчү чөйрөнүн
(байланыш каналы) болуусун шарттайт. М. алып жүрүүчү болуп саналат. М. алуучу аркылуу кандайдыр бир мааниге ээ белгилер катары чечмеленүүчү материалдык процесс М. алуу үчүн кабыл алынган сигналды каттоо жетишсиз, анын маанисин чечмелөө керек, ошондуктан бир эле билдирүү ар кандай кабар алуучулар үчүн ар түрдүү М-ты камтышы мумкун. 1940-жылы Н. Винер жана америкалык математик жана инженер К. Шеннон иштеп чыккан М. теориясында М. сигнал деген түшүнүктү берет. М. - берилмени компьютердик иштетүүдө кандайдыр бир маанини билдирүүчү символдоштурулган белгилердин (тамга, цифра, кодго айландырылган графикалык образдар менен үндөр ж. б.) компьютер тушүнгөндөй көрсөтүлгөн ырааттуулугу катары каралат. Мындай удаалаштыйта ар бир символ билдирүүнун М-тык көлөмүн чоңойтот. М. ар кандай формада: текст, сүрөт, чийме, фотосүрөт, жарык сигналы же үн сигналы түрүндө болот. М. кандайдыр бир М. «булагынан» аны кабыл алгычка, алардын ортосундагы байланыш каналы аркылуу билдирүү түрүндө берилет. «Булак» берилүучү билдирүүнү кодго айландырып, сигнал түрүндө жөнөтөт. Натыйжада кабыл алгычта алынуучу сигнал пайда болот жана ал кайра коддолот да, алынуучу билдирүү болуп калат. Мисалы, аба ырайы тууралуу М-ты камтыган билдирүү «булагынан» (метеоролог-адистен) байланыш каналы - телевизордун берүүчү тузүлүшү жана телевизор аркылуу кабыл алгычка (телекөрүүчүгө) берилет. Адам коомунда М-тын топтолушу улам ылдамдап бара жатат. 20-к-да Мындай маалымат технологиясынын адам турмушунун бардык жактарынан орун алышын жана маалыматтык коомдун келип чыгышын шарттады.
Ад.: Бриллюэн Л. Наука и теория информации. М., 1960; Черри К. Человек и информация. М., 1972.
Ж. Асанкожоева.