ЛЯМБЛИОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛЯМБЛИОЗ - ичке ичегиде мителик кылуучу жөнөкөйлөр - лямблия пайда кылуучу оору. Лямблия кыймылдуу жана кыймылсыз формада (циста) жашайт. Соо адамга лямблия цистасы менен булганган тамак-аш, суу, кол, буюмдар аркылуу жугат. Ал ичеги-карынга өтүп, ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Мында ич ооруйт, көбөт, курулдайт, кускусу келет, кээде былжыр аралаш суюк зандайт. Лямблия ичке ичегиден жоон ичегиге өткөндө анын өөрчүшүнө шарт болбогондуктан, циста формасына айланып, заң менен сыртка бөлүнүп чыгат. Л. менен көбүнчө 1-4 жашка чейинки балдар ооруйт. Баланын ичи көөп, ооруйт, тез-тез былжыр аралаш зандайт. Дарылоодо белогу жетиштүү жеңил диета, дары-дармек колдонулат. Алдын алууда ооруну эрте таап, дарылоонун мааниси чоң. Ошондой эле санитария-гигиеналык чараларды көрүү, оору чыккан жерди дезинфекциялоо зарыл.