ЛЮМИНЕСЦЕНТТИК АНАЛИЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛЮМИНЕСЦЕНТТИК АНАЛИЗ - люминесценция кубулушуна негизделген методдордун жыйындысы. Анын ичинде кеңири таралган методу аныкталуучу заттын фотолюминесценциясына негизделген. Мында ультракызгылт көк нурлар менен дүүлүктүргөндө аныкталуучу заттан бөлүнүп чыгуучу жарыктын толкун узундугу менен ургаалДУУлугун ченеп, заттын сапаттык жана сандык курамын аныктайт. Люминесценция нурларын көз менен же спектрофотометр менен регистрациялайт. Л. а. ө. эк-да, биологияда, медицинада, геол. чалгындоодо, криминалистикада, археологияда колдонулат.
Ад.: Гришаева Т. И. Методы люминесцентного анализа. СПб., 2003.