ЛЮКСЕМБУРГ (династия): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛЮКСЕМБУРГ (люксембургча Lëtzebuerg, фр. Luxembourg, немисче Luxemburg), Люксембург Улуу герцогдугу (люксембургча Groussherzogtum Lëtzebuerg, фр. Grand-Duché de Luxembourg, немисче Großherzogtum Luxemburg) — Батыш Европадагы мамлекет. Түндүк-Ватышынан

Бельгия, чыгышынан Германия, туштүгүнөн Франция менен чектешет (чек арасынын жалпы узундугу 356 км.). Аянты 2586 км2 (түндүктөн түштүктү карай 82 кмге, батыштан чыгышка 57 кмге со­зулат). Калкы 503,1 миң (2010). Борбору -

Люк­сембург ш. Расмий тили - люксембург (мамлекеттик тил статусуна ээ), француз, немис тилдери. Акча бирдиги - евро. Администрациялык-аймактык жактан 3 округга, алар өз ичинен 12 кантонго бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)

Округдары

Аянты,

Калкы, миң

Администрациялык борборлору

Люксембург

904

350,8

Люксембург

Дикирх

1157

74,9

Дикирх

Гревенмахер

525

58,1

Гревенмахер

Л. - БУУга (1945), ЭВФке (1845), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (1945), Европа советине (1949), НАТОго (1949), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмуна (1973), Европа союзуна (1993; 1958-67-ж. Европа экономикалык коомуна, 1967-92-ж. Европа коому), Евратомго (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү.

Л - унитардык мам­лекет. Конституциясы 1868-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - конституциялык монар­хия. Мамлекет башчысы - улуу герцог. Л. улуу герцог бийлиги Нассаус династиясынын өкүл­дөрүнүн ортосунда мураска берилет. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - депутаттар пала­тасынан турган парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген улуу герцог өкмөтү ишке ашырат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партия­лары: Христиан-социалдык партиясы, Л. социалисттик жумушчу партиясы, Демокр. партия, Жашыл­дар партиясы ж. б.

Табияты.

Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлү­гүн Париж бассейнинин уландысы болгон (Гут­ланд) көтөрүңкү (бийиктиги 250-400 м) куэста түздүгү ээлейт. Түндүк бөлүгүндө (Эслинг) жапыс рельефтүү (558 мге чейин, Бургплан чокусу - Л-дун эң бийик жери) Арденна тоолору жай­гашкан. Тектоникалык жактан бул аймак герцин бүк­төлүшүнө таандык. Негизги кен байлыктары: чөкмө темир кенташтары, цемент сырьёлору, гипс, доломит, курулуш материалдары (кум, шагыл). Климаты мелүүн, континенттик кли­маттан деңиздик климатка өтмө; январдын орт. температурасы 0-2°С, июлдуку 17°С; жылдык орт. жаан-чачыңы түштүгүндө 700 лглгден түндүгүндө 1000 жлгге чейин. Дарыялары негизинен Мозель д-нын алабына кирет; анын негизги куймала­ры: Сюр жана Ур. Сюр д-на От-Сюр суу сактагы­чы курулган (аянты 3,8 клг2). Кыртышында күрөң жана чымдак-күл топурактары басымдуу. Токой Л-дун аймагынын бөлүгүн ээлейт. Түндүк бөлүгү токойлуу (55%), негизинен ийне жалбы­рактуу дарактар (карагай, кызыл карагай) үс­төмдүк кылат. Түштүк бөлүгүндө бук, эмен токой­лору таралган. Вересктер жана чым көңдүү саз­дар көп кездешет. Өлкөнүн аймагынын 17% и коргоого алынган; Жогорку Сюр табият паркы­нын аймагы эл аралык маанидеги суулуу-саз­дак жерге кирет.

Калкы.

Өлкөнүн калкынын 56% и жергиликтүү люк­сембургдуктар, 44% и иммигранттар жана алар­дын тукумдары (европалык өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч). Көбү (90% тейи) Европа сою­зуна кирген өлкөлөрдөн; эң көп топтору - пор­тугалдар (16,2%), француздар (5,8%), италян­дар (3,95%), бельгиялыктар (3,6%), англистер (1,1%), голланддар (0,8%). 20-к-да Л-дун кал­кы 2 эседен ашык өскөн. Калкынын жалпы өсүүсү негизинен иммиграциянын эсебинен. Өл­көдөгү демогр. проблемалардын бири - улгай­ган адамдардын көптүгү. Өмүрдүн орт. узакты­гы 80,1 жаш (аялдардыкы 82,7, эркектердики 77,6 жаш). Калктын орт. жыштыгы: 1 км2

жерге 194 адам (2010). Шаар калкы 82,3% (2008). Эң ири шаары - Люксембург, башка чоң шаарла­ры: Эш-сюр-Альзет, Дифферданж, Дюдеданж, Петанж. Л-дун экономикасында 332,5 миң адам (анын ичинде 40% ке жакыны чектеш өлкөлөрдөн күнүнө келип) иштейт; алардын 1,4% и айыл жана то­кой чарбаларында, 10,7% и ө. ж-нда, 10,6% и ку­рулушта, 77,Зи тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Л-дун калкынын 85тен90%ке чейинкилери -

ЛЮКСЕМБУРГ

католиктер, калгандары - протестанттар жана мусулмандар.

Тарыхы.

Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Люксем­бургдун азыркы аймагын кельттер мекендеген. Рим империясынын убагында биздин заманга чейинки 1-к-да Бел­гика-Прима провинциясынын, 5-к-дын аягын­да Франк мамлекетинин курамына кирген. Л. аймагы 963-ж. Ыйык Рим империясына, 1136-жылы Намюрск графынын, 1214-жылы Люксем­бург графынын ээлигине, 15-к-дан Люксембург герцогдугуна караган. Вена конгрессинин (1814- 15) чечими боюнча Герман союзунун (1866-жылы жоюл­ган) курамында Л. Улуу герцогдугу түзүлүп, ал Нидерланд королдугу менен унияда болгон. Л-дун азыркы чек арасы 1839-жылы белгиленген. Лон­дон конференциясында (1867; Россия, Улуу Брита­ния, Австрия, Пруссия жана Франция) Л. «тү­бөлүк бейтарап» мамлекет болуп жарыяланган. Л. 1868-жылы конституция кабыл алган. 1890-жылы Л. менен Нидерланд ортосундагы жеке уния жоюлган. Биринчи дүйнөлүк согушта Л-ду гер­ман аскерлери басып алган. Россиядагы революция­нын (1917) таасиринен демокр. кыймылдардын натыйжасында Л. конституциялык монархия­сы жарыяланып, Л. эмгекчилери жалпыга бир­дей шайлоо укугуна, 8 сааттык жумуш күнүнө ээ болгон. 1920-жылдан Л. Улуттар лигасына мүчө. 1921-жылы Бельгия-Люксембург экономикалык союзу түзүлгөн.

Экинчи дүйнөлүк согушта (1939-45) Л-ду фа­шисттик Германия аскерлери (1940-жылы 10-май­да) басып алган. 1945-жылы февралда немис бас­кынчыларынан бошотулган. Л. согуштан ки­йин Батыш Европа өлкөлөрү түзгөн топторго ко­шулуп, 1945-жылы БУУга, 1949-жылы НАТОго мүчө болгон. 1955-жылы Л. парламенти 1954-жылдагы Париж келишимин кубаттап, Батыш Европа союзуна кошулган. 1958-жылы Л., Бельгия, Нидер­ланд өлкөлөрү Бенилюксту түзүү жөнүндө келишим­ге кол коюшкан. 1950-60-жылдарда металлур­гия жана ө. ж. өндүрүшүнүн көлөмү тез өскөн. 1990-жылы Л-да Шенген келишимине кол коюлган жана 2002-жылы бирдиктүү валюта - еврону пайда­лануу киргизилген. 1992-жылы Л. Маастрихт ке­лишимине кол коюп, Европа союзун (ЕС) негиз­дөөчү мамлекеттердин бири болуп калган. Не­гизги саясий партиясы - Христиан-социалдык элдик партиясы (ХСЭП) 1919-жылы негизделген. 1995-жылдан Л. өкмөтүн ХСЭП мүчөсү Ж. К. Юнкер жетектейт. ХСЭП 2004-жылдагы шай­лоодон кийин коалициялык өкмөт түзүп, Люк­сембург социалисттик жумушчу партиясы менен Юнкер премьер-министр болуп калган. Улуу герцог Жа­на (1964-2000) тактыдан түшкөндөн кийин, анын ордун уулу Анри ээлеген (2000-жылдан).

Чарбасы.

Л. - өтө өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 40,81 миллиард доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 81,8 миң доллардан туура келет (2010); бул көрсөткүч боюнча Европа союзуна кир­ген өлкөлөрдөн алда канча алдыда. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,964 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 11-орунда). ИДПнин түзүмүндө тейлөө чөйрөсүнө 86% (дүйнөдөгү эң жогорку көр­сөткүчтөрдүн бири), ө. ж-на 13,6%, айыл жана то­кой чарбаларына 0,4% туура келет. Л-дун ө. ж. негизинен импорттук табигый газга жана Гер­маниянын электр энергиясына байланыштуу. 2007-жылы 3 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүл­гөн, ал эми керектөөсү 6,75 миллиард кВт-с. Өл­көдөгү эң ири ЖЭСтин кубаттуулугу 350 МВт; ири ГЭСтери Мозель жана Сюр д-на курулган. Иш­теп чыгаруучу ө. ж. продукциясынын басым­дуу бөлүгү экспорттолот. 20-к-дын аягынан өндү­рүптү кыйла кыскаргандыгына карабастан, кара металлургия ө. ж. өнүккөн; болот прокаты өн­дүрүлөт. Германия, Франция, Улуу Британия ж. б. өлкөлөрдүн автомобиль заводдору жана Бель­гия, Нидерланддын автомобиль кураштыруучу ишканалары үчүн түрдүү комплектөөчү тетик­терди, түйүндөрдү, агрегаттарды чыгарат. Бул продукцияларды өндүрүүгө металлургия, химия, электр-техникалык, айнек жана электроника ө. ж. тар­мактары багытталган. Ички керектөөлөрү үчүн жергиликтүү сырьёлордун (доломит, акиташ ж. б.) ба­засында курулуш материалдар өндүрүшү өнүккөн.

Аралаш типтеги (мал чарбачылык-өсүмдүк өстүрүүчүлүк) чарбачылык басымдуу. А. ч-га жа­рактуу жери 130,76 миң га (2009), анын ичинде шалбаа 45,3% , жайыт 6,7%, дан эгиндери 21,8%, тоют чөптөрү 17,7%, башка эгиндер, жүзүмзар 1%. А. ч. өндүрүшүнүн негизин мал чарбасы түзөт (а. ч. продукциясынын 3/4 бөлүгүнөн ашыгын берет). Башкы тармагы - сүт багытындагы уй асыроо (агрардык продукция наркынын 45%тейи); ошондой эле эт багытындагы мал жана чочко чарбала­ры да өнүккөн. Сүт, сыр жана май даярдалат. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк а. ч. продукция наркынын 20% ин түзүп, мал чарбасы үчүн дан жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталган. Картөшкө, буудай, сулу, арпа, кара буудай, жүгөрү жана үрөн үчүн уй беде өстүрүлөт. Мозель д-нын өрөөнүндө эзелтен жүзүмчүлүк өнүккөн. Сапаттуу ак ша­раптын жарымы экспортко кетет. Токой 89,8 миң га жерин ээлейт.

Тейлөө чөйрөсү -

өлкөнүн экономикасынын негизги сектору. Негизги тармактары: банк-фи­нансы ишмердиктери, байланыш жана телеком­муникация, транспорт жана логистика тейлөөсү, соода жана туристтик бизнес. Финансылык тей­лөөнүн өнүгүүсүнө холдинг кампанияларына, инвестициялык фонддорго карата салык мый­замынын жана саясатынын ыңгайлуулугу, банк салымынын сырын сактоо кепилдиги ж. б. шарт түзөт. Өлкөнүн банк системасынын негиз­ги артыкчылыктары - финансылык тейлөөнүн ар түрдүүлүгү, дасыккан финансисттери жана юристтери, кардарлар жөнүндөгү маалыматтарды жашыруун сактай алгандыгы. Л. банк

актив­деринин жалпы көлөмү боюнча дүйнөнүн ири фи­нансы борборлорунун бири болуп саналат. Л-да 2009-жылы 149 банк катталган, алардын көбү чет өлкөлүк кардарлар менен иштеп, эл аралык ры­ноктордо активдүү операцияларды жүргүзөт. Жыл сайын Л-га 200 миндей турист келет; алар­дан түшкөн киреше 2,9 миллиард еврону түзөт (2009). Л. - Европанын маанилүү транспорт тоому. Жүктүн көбү автотранспорт менен ташылат. Ав­томобиль жолунун жалпы узундугу 2,9 миң км (анын ичинде тез ылдамдыктагы шоссеники 152 км\ 2010). Т. ж-нун узундугу 275 км (2009); 2007-жылы Франциянын тез жүрүүчү т. ж-на кошулган. Мозель д-нда кеме жүрөт; негизги порту - Мертерт. Финдель эл аралык аэропорту иштейт. Экспортко негизи­нен металл жана андан жасалган буюмдар, ма­шина, пластмасса, транспорт каражаттары жана

Мертерт порту.

текстиль буюмдарын чыгарып, транспорт кара­жаттарын, металл жана химия продуктуларын, азык-түлүк, жыгачтан жасалган буюмдарды, ка­газ импорттойт. Негизги соода шериктери: Гер­мания, Бельгия, Франция, Нидерланд, Италия, Улуу Британия.

Ө. Бараталиее, Ш. Керимова.

Маданияты.

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону; 6 жылдык башталгыч, 8-9 жыл­дык жалпы орто жана орто кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 100% ти түзөт (2012). Ири ЖОЖ­дор, илимий мекемелер, музей, китепканалар Люк­сембург ш-нда жайгашкан. Немис жана француз тилдеринде «БихешЬиг^ег ДҮог!» (1948), «Та^еЫай» (1912), «БеЫеЪиегеег Зоигпа!» (1948), «Бе ТеисИ», «Ьа Уо1х <1и БихешЪоиге» (1982) ж. б. гезиттер; «Те1есгап» (1978), «Кечие» (1945) ж. б. журналдар чыгат. Радиоуктуруусу 1931-жыл­дан, телекөрсөтүүсү 1955-жылдан иштейт. Л. ай­магында алгачкы коом маданиятынын, кельттер­дин, байыркы римдиктердин эстеликтери сак­талган. Өзгөчө түндүктө, Арденндин аскалуу тоо тармактарында көбүнчө кайра курулган 10-15- к-дагы замоктор (Вианден, Буршед, Бурглинстер ж. б.), сепилдер (Петтингдеги Петанж, 12-к. ж. б.), мунаралуу бар, шаар дубалдары (Эхтер­нахта) жана кароол мунаралары сакталган. 10- к-дан роман капеллалары (Люксембурдагы Сен­Мишель часовнясы; Роспорттогу капелла, 13-к. ж. б.) жана базиликалар (Ыйык Пётр жана Павел, 10-12-к.); коңгуроо мунаралары, Мюнсхаузен­деги чиркөө, 16-к-дын 2-жарымында Ренессанс стили (Л-дагы мурдагы Ратуша, азыркы Улуу герцогдор Ак сарайы), 17-к-дын башынан - ба­рокко (Л-дагы Нотр-Дам соборунун порталы, Д. Мюллер ж. б.) тарала баштаган. 17-18-к-да

Тюнген форту. 1732.

эски замоктор (Эрпельданж, Петанж ж. б.) кайра курулган жаңы замоктор (Витранж, Вильц ж. б.) салынган. 19-к-да классицизм эклектизмге Вильцтеги Ратуша, 1880, жол бошотот. Неоро­ман стилинде Кольмар-Бергдеги улуу герцогдор замогу (1907-11), Ыйыктары Маврикий жана Мавр бенедикт аббаттыгы (1009-12), неоготика стилинде Дикирхтеги Ыйык Лаврентий чиркөөсү (1867-68), Пеппанжедеги Сен-Сакреман монас­тыры (1883) ж. б. курулган. Л-дун түштүгүндө ө. ж-дын өнүгүшү 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында индустриялык жана турак жай куру­луштарынын пайда болушун шарттаган. 20-к­дын ортосу - 21-к-дын башында модерн стилинде жаңы шаар кварталдары (Люксембургдагы Европалык борбор р-ну, 1966), 2-дүйнөлүк согуштун баатырларына арналган монументтер (Вильц­те, 1956), чиркөөлөр (Вильцтеги Нотр-Дам-де­Фатима санктуарийи, 1949-52), турак жай жана коомдук курулуштар (Эхтернахтагы жогор­ку мектеп комплекси, 1970, арх. Л. Крие; Люксембургдагы Улуу герцог Жан атындагы заман­бап искусство музейинин имараты, 2006, арх. И. М. Пей) тургузулган. Л. сүрөт искусствосу неги­зинен франц. таасирде өнүккөн (Ж. Б. Фрезе­нин портреттери; С. Вайстын импрессионис­тик акварелдери, пейзажы ж. б. Люксембург живопись мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири, сүрөтчү Ж. Куттердин сүрөттөрү боёкторунун түстөрүнүн ургаалдуулугу менен айырмаланат («Клоундар» цикли, 1936-37). Абстракционизм Л. Веркольенин скульптурасында иштелип чык­кан. 1970-жылдарда сүрөт искусствосуна Р. Бер­темес, Б. Хайарт, 1980-жылдардын аягында П. Липперт, Р. Бренди келишкен. Монументал­дык скульптурада Ш. Энгельс эмгектенет. Эх­тернахта (1975-жылдан баштап) жана

Бурглинс­тер замогунда классикалык музыка (1982-жыл­дан); «Printemps Musical» (1983-жылдан) жана «New Orleans meets Luxembourg» жеңил музы­ка фестивалдары (2006-жылдан) Эш-сюр-Сюрда жана Вильцте театр жумалыктары өткөрүлөт. Ышкыбоздордун музыка ойноо салты өөрчүгөн; элдик музыка жана бий фестивалдары өткөрүлөт.

Ад.: Люксембург // Болыпая Российская энцикло­педия. Т. 18. М„ 2011.