ЛЮБЛИН УНИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛЮБЛИН УНИЯСЫ - Польша менен Улуу Литва княздыгын бир мамлекетке - Речь Посполита­га бириктирүү жөнүндөгү макулдашуу. Ал 1569-жылы январда Люблин шаарында поляк жана литва феодалдарынын жалпы сейминде каралып, 1569-жылы 28-июнда кол коюлган. Л. у. боюнча Поль­ша менен Литванын мамлекеттик түзүлүшү жана акча сис­темасы бирдей, жалпы сейми болушу белгилен­генетикалык Речь Посполитаны поляк жана литва фео­далдары биргелешип шайлаган король башкар­ган. Л. у. Улуу Литва княздыгынын бир бөлүгү Полыпага кошулгандыгын ырастап, Ливония­ны жалпы ээлик деп жарыялап, ич ара бажы­ны жойгон. Бирдиктүү мамлекет катары Речь Посполита эл аралык аренага чыкса да, Литва­да мыйзам чыгаруу, сот, жогорку администрациялык, казына, аскер ж. б. кызматтар сакталып, орус (беларус) тили расмий тил болуп калган. Мамлекеттин бул белгилери 17-18-к-дын аралыгында жою­луп, Л. у. өз күчүн 1795-жылы чейин сактаган.