ЛЮБИЩЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛЮБИЩЕВ Александр Александрович (5(17). 4. 1890, Санкт-Петербург - 31.8.1972, Тольятти) - орус биологу, илим тарыхчысы, философ. Санкт-Петербург университетин бүтүргөн (1911). Таврия (Крым, 1918-21) жанаПермь (1921-27) университеттеринде иштеген. Саратов а. ч. институтунда (1927-36) жана Ульяновск педагогикалык институтунда (1950-55), Украинанын (1937-41) жана Кыргыз ССРинин (1941- 50) ИИИлеринде иштеген. Нег. илимий иштери биологияда математикалык ыкмаларды колдонуу, а. ч. энтомологиясы жана өсүмдүк коргоо, систематика теориясы, эволюциялык окуу, атеизм жана философия боюнча. Жалпы биол., тарыхый жана философиялык иштери сындоо маанисинде болгондуктан, көзү тирүүсүндө жарыяланган эмес. Номогенезди жактоочулардын бири.
Эмг.: К методике количественного учета и районирование насекомых. Ф., 1958; Дисперсионный анализ в биологии. М., 1986; Филосфия и наука (Любищевские чтения). Ульяновск. 1997.
Ад.: Гранин Д. А. Это странная жизнь: повесть. М., 1974; Егорое Анын Ичинде Диалектический идеалист А. Любищев//Научные среды. 2005. № 3-4.