ЛЬВОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛЬВОВ - Украинадагы шаар. Львов облусу администрациялык борбору. Буг жана Днестр д-нын суу бөлгүчү­нүн жээгинде жайгашкан. Калкы 734 миң (2010).

Шаардын жалпы көрүнүшү.

Темир жана автомобиль жолдор тоому. Алгач 1256-жылдан эскерилет. 14-к-дан Польшанын, 1772-жылдан Австриянын (Лемберг аталган), 1918-жылдан кайрадан Полыпанын, 1939-жыл­дан Украинанын курамына кирген. Л. - Украи­нанын ири ө. ж. борбору. Машина куруу (авто­бус, автомат жүктөгүчтөр, конвейер, а. ч. ма­шиналары, теле-, радио аппаратуралары, ста­ноктор, прибор ж. б.), металл иштетүү, жеңил (бут кийим, тор), полиграфиялык, нефть ажыратуу, химиялык, химиялык-фармацевтика, тамак-аш, жыгач иш­тетүү, айнек ө. ж. ишканалары иштейт. Он ЖОЖ (анын ичинде университет), Украина ИАнын Батыш илимий борбору, консерватория (1939), 12 музей (этногр., көркөм промысел, Украина искусствосу, элдик арх­ра ж. б.), сүрөт галереясы, 4 театр (анын ичинде опера жана балет, балдар жана өспүрүмдөр үчүн) жана жа­зуучу И. Франконун адабий-мемориалдык му­зейи бар. Рынок аянтында кафедралуу готика стилиндеги собор (14-15-к.), Кайра жаралуу сти­линдеги «Кара таш» (16-к-дын аягы - 17-к-дын башы), ренессанс стилиндеги Боим жана Кам­пиан капеллалары (экөө тең 17-к.), үч ыйык саат мунарасы (16-к.), барокко стилиндеги ар­сенал (18-к.), бернардчылардын (17-к.), иезуит­тердин (17-к.) жана доминиканчылардын (18-к.) костёлу, Ыйык Юра собору (18-к.) ж. б. сак­талган.