ЛУЩИХИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛУЩЙХИН Михаил Николаевич (14. 9. 1905, азыркы Москва обл., Рузе ш. - 5. 5. 1978, Фрунзе) - селекционер, а. ч. илимдеринин доктору (1961), проф. (1962), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1969; корр. мүчөсү, 1956). В. И. Ленин атындагы Вүткүл союздук а. ч. илимдер академиясынын корр. мүчөсү (1956), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1947). Москва зоотехния институтун бүтүргөн (1930). 1932-жылдан Кыргызстанда. КАЧИни уюштуруучулардын бири. 1936-жылдан ошол эле институтта кафедра башчысы, 1943-54-ж. институт-тун директору болуп иштеген. Анын жетекчилиги жана демилгеси менен Кыргызстанга уяң

жүндүү койлор алынып келинген. Жасалма уруктандыруунун натыйжасында респдагы кылчык жүндүү кой чарбасы түп-тамырынан бери өзгөргөн. Анын жетекчилиги менен кыргыз уяң жундуу кою чыгарылган. Л-дин илимий эмгектери уяң жүндүү койду тоо шартында өстүрүүгө, породалык сапатын жакшыртууга, генетика, селекция ж. б. тармактарга арналган. Кыргыз ССР Жогорку Совцтинин депутаты (1971-78). Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Кыргыз уян жүндүү кою. Ф., 1958; Кыргызстандагы уяң жүндүү кой чарбачылыгы. Ф., 1959; Вопросы генетики и селекции овец. М., 1974.