ЛУНОХОД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛУНОХОД, Айда өзү жүрүүчү аппар а т - айдын бетинде өз алдынча жүрүүгө жөндөмдүү автоматтык станция же космонавттарды жана жабдууларды ташуучу аппарат. Л. илимий из. жүргүзүүдө жана ай экспедициясында унаа каражаты катары колдонулат. Л-ду аралыктан автоматтык башкаруу Жерден жүргүзүлөт жана ага атайын телекөрсөткүч система орнотулуп, ал аркылуу сүрөттөлүш Жерге берилет. Экипаждуу Л. автономдуу навигациялык системаларды колдонуу менен космонавттар аркылуу башкарылат жана айдын бетинде атайын дөңгөлөктөрдүн жардамы менен жылып жүрөт. Айда өзү жүрүүчү Жерден башкарылма аппарат «Лунаход-1» (1970), советтик планета аралык автоматтык станция «Луна-17» менен жеткирилген. Анын салмагы 756 кг, 1 жылга жакын иштеген. 1970-75-ж. советтик эки Л. учурулган. Жерге 20 ОООден ашык сүрөт телесистема аркылуу жиберилген. 1971-72-ж. Айга «Аполлон-15, 16 жана 17» космос кемелери менен 3 «Ровер» Л-дору жеткирилген. Ал астронавттардын иштерин кыйла жеңилдеткен, конгон жерден 27-35 км аралыкка алыстоого мүмкүнчүлүк болгон. Л. - планетоходдордун бир түрү жана азыркы мезгилде Марста жүрүүчү аппарат (марсоход) иштетилүүдө.
