ЛУНАЧАРСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛУНАЧАРСКИЙ Анатолий Васильевич [11(23). 11. 1875, Полтава - 26. 12. 1933, Франция, Ментона] - орус жазуучусу, сынчы, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, СССР ИАнын академиги (1930).
Болыпевиктик « Вперёд », «Пролетарий» гезиттеринин редакциясына мүчө. В. И. Лениндин жетекчилиги астында активдүү партиялык иш жүргүзгөн. 1908-10-ж. кудай тү-

зүүчүлүктү үгүттөгөн. Октябрь революциясынын катышуучусу (Петроград). 1917- жылдан агартуу эл комиссары. 1929-жылдан СССР БАКтын алдындагы окумуштуулар комитетинин председатели, 1933-жылы Испанияда ыйгарым укуктуу өкүл. Советтик билим берүү системасын уюштуруучулардан. В. И.
Лениндин адабият жөнүндөгү осуяттарын системалаштырган («Ленин жана адабият таануу», 1932) жана советтик искусствонун жаңы методун негиздеген. Л. - «Королдук чач тарач» (1906), «Фауст жана шаар» (1918), «Оливер Кромвель» (1920), «Мунапысболгон Дон Кихот» (1922) ж. б. пьесалардын, ошондой эле адабий-сын китептердин автору. Чыгармаларына философиялык ойдун курчтугу, тарыхый жалпылоо мүнөздүү.,