ЛУГОВОЙ БАТКАК КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛУГОВОЙ БАТКАК КЕНИ - Чүй өрөөнүндө дарылык касиети бар баткак жаткан жер. Аламүдүн р-нунда, Луговой кыш-нын түндүк-чыгышында. 1964-жылы табылган. Кен Чүй д-нын жайылмасындагы 2-тектирчеде жайгашып, байыркы көл чөкмөлөрүнөн пайда болгон илээшкек-чым көңдүү баткактан турат. Баткак катмарынын түзүлүшү өтө татаал: үстүнкү кыртышы (20 см) кара күрөң түстөгү чириндиге айланган чым көң (0,55-1,3 м); күрөң түстөгү жука чым көң тилкелери бар ийилгич, илээшкек тунма (0,3-1,5 м); арасында 20 смге чейинки илээшкек тунма баткак кездешкен кара күрөң чым көң (1,5 м); чым көң түрүндөгү илээшкек тунма баткак (0,4-1 м). Орт. калыңдыгы 2,9 м. Баткак өтө нымдуу (82%), өсүмдүктөрдүн чириндиге айланышы 96%. Күкүрттүү суутек 0,037- 0,16%. Баткактын суюк ылайы гидрокарбонаткальцийлүү, минералдануусу 1,9-3,8 г/л. Запасы 611,1 миң т.