ЛУАНДА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛУАНДА - Ангола Респ-нын борбору. Атлантика океанына Кванза д. куйган жерде жайгашкан порт. Луанда провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 2,9 миллион (2009). Калкынын саны боюнча Анголадагы эң ири шаар. Эл аралык аэропорту
бар. 17-к-дан 19-к-га чейин кул соодалоонун ири борбору болуп келген (португалиялыктар 3 млнго жакын негр кулдарды сатышкан). 1974-жылы көз каранды эместикке ээ болуп, 1992- жылдан Ангола Респ-нын борбору. Л. өлкөнүн саясий, маданий жана финансы ө. ж-нын ири борбору. Нефть ажыратуу, тамак-аш, текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, музыка академиясы, китепканалар, музейлер (анын ичинде Ангола, Дунду) бар. Л. португалиялык колониячылартарабынан 1575-жылы Сан-Паулу-ди-Луанда деген ат менен негиздеген. 1975-жылдан Л. аталат. Сан-Мигел сепили (учурда тарых музейи), 17-к-га таандык форттор, иезуит чиркөөсү (16-к.), храм (1638-жылы чен) сакталган.
