ЛОСОСТОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛОСОСТОР (8а1тошс1ае) - лосось сымалдар түркүмүнүн тукуму. Денеси түрпү менен капталган. Тузсуз сууларда жашоочу жана өтмө балыктар. Тузсуз сууда гана көбөйөт. Тынч океан лососу жана айрым башка Л. өмүрүндө бир гана жолу өрдөп, жумуртка таштайт жана андан кийин өлөт. Тукумчул эмес. Көбүнчө кумдуу, шагылдуу же таштуу суу түбүнө уя салат. Л-дун 6 уруусу (тынч океан лососу, таймендер ж. б.) бар. Алар Атлантика жана Тынч океандын Түндүк бөлүгүндө, Түндүк Муз океандын алаптарындагы сууларда, Арал, Каспий, Кара деңиздерде кездешет. Тынч океан лососунун 7 турү Тынч океандын түндүк алаптарында жана Түндүк Муз океанга куйган сууларда кездешет. Маанилүү промысел объектиси. Саны азайып кеткендиктен, 11 түрү жана түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.