ЛОРЕНЦ КАЙРА ТҮЗҮҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛОРЕНЦ КАЙРА ТҮЗҮҮСҮ - Эйнштейндин са­лыштырмалуулук теориясынын постулаттары­нын негизинде алынган эки галилей (инерция­луу) координата системаларын өз ара байланыш­тыруучу координаталык өзгөртүү. Л. к. т. физикалык жактан бири-бирине карата V ылдамдык менен кыймылдаган эсептөөнү баштоонун инерциялуу системасындагы 4 өлчөмдүү мейкиндиктин коор­динаталарынын өзгөрүш законун, ал эми ма­тем. жактан псевдоевклидцик метрикалуу тегиз­дикти у бурчуна гиперболалык бурууну мүнөз­дөйт. Л. к. т. ньютондук абсолюттук убакыт жок экен­дигин жана убакыт менен мейкиндик салыштыр­малуу касиетке ээ экендигин далилдейт. Л. к. т-нүн негизинде нерсенин узундугу жана убакыт абсолюттук эмес жана ар башка инерциялуу системада ар башка мааниге ээ экендигин далилдейт. Л. к. т. боюнча жаратылыштагы бардык физикалык за­кондор инварианттуу.