ЛОНДОН ЭКОНОМИКА МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛОНДОН ЭКОНОМИКА МЕКТЕБИ - экономикалык билим берүүнүн жана изилдөөнүн дүйнөдөгү негизги борборунун бири. 1895-жылы Лондон университетинин бөлүгү катары негизделген. Мектеп өзүнүн байланыштарына жараша дүйнөдөгү саясат, бизнес жана укукка өтө таасирдүү келет. Окуу структурасы экономика, укук, социология, финансы, бухгалтердик эсеп ж. б. тармактарды камтыган 23 факультеттен турат. Коомдук илимдер боюнча дүйнөдөгү эң ири китепканасы (4 млндон ашык китеп нускасы жана 20 миңдей басма жана электрондук журналдар менен) иштейт. Учурда 9 миңдей студент билим алат. Алардын 32%и Англиянын, 19% и Европа шериктештигинен жана 49% и дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген студенттер. Мектепти бүткөндөрдөн Нобель сыйлыгынын лауреаттары: экономикадан - Жон Хикс (1972), Фридрих Хайек (1974), Жеймс Мид (1977), Артур Льюис (1979), Пол Кругман (2008) ж. б.; адабияттан - Жорж Бернард Шоу (1925), Бертран Рассел (1950); Тынчтык үчүн күрөшү боюнча - Ральф Банч (1950), Филип Ноэль-Бейкер (1959). Ошондой эле бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнөн алдынкы саясатчылар да көп чыккан. Мисалы, Хармадио Ариас (Панама Респ-нын президенти 1932-36), Жон Ф. Кеннеди (АКШ президенти 1961-63), Ким Кэмпбелл (Канаданын премьерминистри 1993-жылы), Камисис Мара (Фиджи президенти 1994-2000), Жорж Сорос (финансист), Саид Каддафи (Муамар Каддафинин уулу, Гаага сотунун эл аралык соту) ж. б.