ЛОМОНОСОВ Михаил Васильевич: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛОМОНОСОВ Михаил Васильевич (8. 11. 1711, Россия, Архангел обл., Денисов кыш. - 4. 4. 1765, Петербург ш.) - биринчи орус окумуштуусу, табият таануучу, физикалык химияны негиздөөчүлөрдүн бири, акын, сүрөтчү, тарыхчы, тилчи, орус билим берүүсүнун жана илиминин өз алдынча өнүгүшүн жактоочу. 1731-жылы Москвадагы Сла-

вян-грек-латын академиясында, 1735-жылы Петербургдагы Академиялык университетте, 1736- 41-ж. Германияда билим алган. 1742-жылдан Россия ИАнын физикалык классынын адъюнкту, 1745-жылы Петербург ИАнын химия боюнча 1- орус академиги болуп шайланган. 1748-жылы 1-химиялык лабор. түзгөн. Л-дун демилгеси менен Москва университети негизделген. Л-дун ачылыштары илимдин көп тармактарын байыткан. Заттын молекулалык-кинетикалык теориясынын негизги жоболорун иштеп чыккан. «Жылуутек» деген теорияга каршы туруп, жылуулук заттардын бөлүкчөлөрүнүн кыймылы менен шартталгандыгын белгилеген. Материя менен кыймылдын сакталуу принцибин, атм-дагы электр кубулушун жана оордук күчун аныктаган. Оптикалык приборлорду ойлоп чыгарган («түндө көрүүчү түтүк», күзгүлүү телескоп). Чолпон планетасында аба катмары бар экенин ачкан. Жердин түзүлүшүн аныктап, пайдалуу кендердин, минералдардын келип чыгышын түшүндүргөн. Орус тарыхы боюнча китептердин автору. Мозаика өнөрү менен смальта өндүрүүнү калыбына келтирип, шакирттери менен мозаикалык сүрөттөрдү жараткан. Сүрөт академиясынын мүчөсү болгон (1763). 1956-жылы СССР ИА табият жана гуманитардык илимдер боюнча көрунүктүү эмгектерге берилүүчү Л. атындагы эки алтын медалды (биринчиси советтик, экинчиси чет элдик окумуштууга берилүүчү) белгилеген. Ленинград обл-ндагы шаар, Атлантика океанындагы агым, тоо чокусу, Түндүк муз океанындагы суу чокусу, Батыш Шпицберген а-ндагы дөңсөө Л-дун ысымын алып жүрөт.
Эмг.: Полн. собр. соч. Т. 1-10. М.; Л., 1950-83; Избр. труды по химии и физике. М., 1961; Избр. произведения. М., 1986. Т. 1-2.
Ад- Меншуткин Б. Н. Жизнеописание Михаила Васильевича Ломоносова. 3-е изд. М.; Л., 1947; Аманканов X. М. В. Ломоносовдун илимий мурастары. Ф., 1960; Ломоносов. Краткий энциклопедический словарь. СПб., 1999; Лебедев Е. Н. Ломоносов. М„ 2009.