ЛОМИДЗЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛОМИДЗЕ Георгий Иосифович [28. 7(10. 8). 1914, Тбилиси - 27. 2. 1999, Москва] - адабиятчы жана адабият теоретиги. Филология илимдеринин доктору (1960), СССР ИАнын корр. мүчөсү (1972). 1947-жылы М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтун бүтүргөн. 1955-жылдан ушул эле институтта сектор башчысы болуп иштеген. Чыгармачылыгы 1935-жылы башталган. КПСС БКнын коомдук ИАсынын проф. (1965). «Адабияттагы социалисттик реа­лизм жөнүндө» (1952), «Биримдик жана көп түрдүүлүк» (1957), «Жаңыны издөө жолунда» (1963), «Совет адабиятынын өнүгүшундөгү тео­риялык проблемалар» (1964) деген олуттуу илимий эмгектери бар. «Совет адабиятынын интерна­ционалдык пафосу. Ой жүгуртүүлөр, баалар, талаш-тартыштар» (1970) аттуу китебинде СССР элдеринин адабиятынын өнүгүшү жана улут­тук өзгөчөлүгү жөнүндөгү түйүндүу маселелерди илимий жактан ачып берген. Л-нин эмгектеринде кыргыз адабиятынын айрым маселелери да кам­тылган.