ЛОМЕ КОНВЕНЦИЯЛАРЫ (1975-2000: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛОМЕ КОНВЕНЦИЯЛАРЫ (1975-2000) Африка, Кариб алабындагы жана Тынч океан мамлекеттеринин (АКТ мамлекеттер тобу) жана Европалык экономикалык коомдоштук (ЕЭС, кийин Европа Союзу ЕС) өлкөлөрү менен ассоциация жөнүндөгү макулдашуулары. Л. к-нын максаты - өнүгүп келе жаткан АКТ мамлекеттер тобу (негизинен Улуу Британия, Голландия, Бельгия жана Франциянын
мурдагы колониялары) менен соода-экономикалык мамилелерди түзүп, аларга жардам берүү. Л. к-нын башкы идеясы - Европа Союзуна (ЕС) кирген мамлекеттер менен АКТ мамлекеттеринин ортосунда достук ж. б. мамилелерди чындап, АКТ мамлекеттеринин экономикалык, маданий жана социалдык жактан өнугүшүнө көмөктөшүү, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды эл аралыкукуктук жол менен жөнгө салуу. Мындай макулдашуу алгачкы жолу 1975-жылы Ломе (Того) ш-нда өнүгүп келе жаткан 46 мамлекеттин (негизинен ЕСке кирген мамлекеттердин мурдагы колониялары) ортосунда кол коюлуп, кийинки 20 жыл ичинде Л. к. төрт жолу түзүлгөн. Акыркы төртунчу конвенция («Ломе IV») 1989-жылы декабрда 10 жылдык мөөнөт менен (2000-жылы чейин) түзүлүп, анын мүчөлүгүнө ЕСтин 15 мамлекети жана АКТнын 70 мамлекети кирген. Төртүнчү Л. к-нын жобосу боюнча АКТ өлкөлөрү ө. ж. жана а. ч. продукцияларын ЕСке кирген мамлекеттерге эркин болсо да, өзгөчө артыкчылыгы бар жеңилдиктерди талап кылбастан, киргизүүгө укук алышкан. Л. к-на катышуучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелер 3 негизги орган (Министрлер кеңеши, Элчилер комитети, Бириккен ассамблея) менен жөнгө салынган. 2000-жылы Л. к-нын ордуна ЕС жана АКТ тобунун 71 өлкөсүнүн ортосунда Котону макулдашуулары (мөөнөтү 20 жыл) деген аталышта жаңы келишим түзүлүп, конвенциянын башкы идеясы сакталып калган.