ЛОЗАННА ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1923): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛОЗАННА ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1923) - 1922-23-ж. Лозанна конференциясын (1922-23)
жыйынтыктаган документ. Ага бир тараптан Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Грекия, Румыния, Болгария, Сербдер, хорваттар, словендер королдугу жана экинчи тараптан Түркия 1923-жылы 24-июлда кол койгон. Бул келишим боюнча Осмон империясынын кулашы укуктук жактан ырасталып, Түркиянын аймагы анын азыркы чек аралары менен гана чектелгенетикалык Л. т. к-нин шарты боюнча Түркия Измир жана Чыгыш Фракияны өзүнө кайтарып алып, араб провинциялары жана Эгей (Имброс менен Тенедос а-нан сырткары), Жер ортолук деңизиндеги аралдардан баш тарткан. Л. т. к-не ылайык Түркиянын үстүнөн эл аралык финансы контролу жоюлуп, Түркия Оттоман (Осмон империясынын тышкы карызы) карыздарынын айрым бөлүгүн төлөөгө макул болгон. Л. т. к. «Кемал революциясынын» натыйжасында пайда болгон көз каранды эмес түрк мамлекетин таанып, Севр тынчтык келишимин (1920) жокко чыгарган.