ЛОЗАННА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922-23): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛОЗАННА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922-23) - Түр­киядагы чет элдик ишмер интервенциянын кый­рашы жана «Кемал революциясынын» жеңиши­нен кийин Ж. Чыгыштагы абалды жөнгө са­луу үчүн чакырылган эл аралык жыйын. Ал 1922-жылы 20-ноябрдан 1923-жылы 24-июлга чейин Лозанна шаарында (Швейцария) өткөн. Улуу Бри­тания, Франция жана Италиянын демилгеси менен чакырылган. Л. к-на Грекия, Япония, Серб­дер, хорваттар, словендер королдугу, Румыния, АКШ (байкоочу катары), Түркия катышкан. Конференцияда советтик жана Болгария делегация­лары Кара деңиз кысыктары боюнча маселелерди талкуулоо менен гана чектелген. Албания, Бель­гия, Испания, Португалия, Нидерланд, Норве­гия жана Швеция өкүлдөрү экономикалык айрым маселе­лерди талкуулашкан. Л. к-нын негизги макса­ты - Түркия менен тынчтык келишимди даярдоо жана Кара деңиз кысыгынан кеме жүрүү тарти­бин аныктоо болгон. Бул маселе боюнча советтик деле­гация Түркиянын талабын канааттандыруу, со­гуш жана тынчтык мезгилдерде аскер кемелери­нин жүрүшүнө тыюу салуу, соода кемелеринин эркин сүзүшүн камсыз кылуу зарылчылыгын жактаган. Бирок Антанта державаларынын колдоосуна таянган Улуу Британия ага каршы болуп, Кара деңиз кысыгын демилитарлашты­рып, анын үстүнөн эл аралык контроль жүргүзүп турууну талап кылган. Л. к. 1923-жылы 24-июлда Лозанна тынчтык келишимине (1923) кы­сыктардын тартиби ж. б. жөнүндө конвенцияга жана 17 документке кол коюу менен аяктаган. 1923-жылы 24-июлда конвенцияга Улуу Британия, Франция, Италия, Япония, Грекия, Румыния, Болгария, Сербдер, хорваттар, словендер корол­дугу, Түркия, 1923-жылы 1-августта СССР өкүлүкол койгон. Конвенция боюнча Босфор жана Дарданелл кысыктары бардык мезгилде соода жана аскер ке­мелери үчүн ачык деп жарыяланган. СССР бул конвенцияны ратификациялаган эмес. Л. к. 1936-жылы Монтрё конференциясы (1936) иштеп чыккан конвенция менен алмаштырылган.

Ад.: Нежинский Л. Н. Советская дипломатия и Ло­занская конференция (1922-23 гг.) // Россия и Чер­номорские проливы (ХУШ-ХХ столетия). М., 1999; Киреев Н. Г. История Турции XX в. М., 2007.