ЛОЗАННА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛОЗАННА -

Швейцария­нын түштүк-батышындагы шаар. Во кантонунун администрациялык борбору. Өлкөдөгү Женевадан кийинки 2-шаар. Женева көлүнүн түндүк жээгинде (порт), Женева ш-нан 66 км түндүк-чыгышта, Юра мас­сивинин түштүк этегинде жайгашкан. Калкы 125,2 миң (2010; Уэи чет өлкөлүктөр; шаар аг­ломерациясында 250 миң). Ири жолдор тоому. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн экономикалык жана ма­даний. борбору. Биздин заманга чейинки 4-к-да пайда болгон. Ыйык Франциска чиркөөсү (1270), Сент-Мер епископторунун сепили (1400), академиянын имараты (1579-87; учурда мектеп), эски госпи­таль (1766-71; учурда мектеп), неоренессанс сти­линдеги Л. университетинин корпусу, «Рюмин ак са­райы» (1898-1906), «Бель-Эр-Метрополь» бийик комплекси (бийиктиги 55 м; 1929-32) ж. б. сак­талган. Университет (1537; 20 институту), АКШнын онко­логия оорулар институтунун филиалы, политех. жогорку мектеп (1853), бир нече адистештирил­ген окуу жайлары, Атенеум (194'5), китепкана­лар, музейлер (асем, дизайн жана заманбап иск­во, М. Шагалдын, Ж. Арпанын, С. Далдын ай­нектен жасалган чыгармалар топтому), сүрөт галереясы, Эрмитаж парк музейи, театр ж. б. бар. Л-да Эл аралык олимпия комитетинин, тамеки индустриясынын дүйнөлүк ири концернинин,

энергетика корпорациясынын штаб-квартирала­ры, 14 эл аралык спорт федерациясы жана ар­битраж соту, допингге каршы дүйнөлүк агент­чиликтин Европадагы өкүлчүлүгү, бир нече спорт курулуштары жайгашкан. Радиоэлектроника, электр-техникалык, так механика жана оптика, фарма­цевтика, жеңил (саркеч кийимдер), тамак-аш­татымал ө. ж. ишканалары иштейт. Зер буюм­дар чыгарылат. Жүзүмчүлүк менен бакчылыктын борбору. Жыл сайын эл аралык марафон өткө­рүлөт. Туризм өнүккөн.