ЛОББИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛОББИЗМ - парламенттин чечим кабыл алуу процессинде жеке жана коомдук уюмдардын (са­ясий партия, профсоюз, корпорация, ишмер­лер бирикмелери ж. б.) таасир кылуучу меха­низмин түшүндүргөн саясий термин. Л. АКШда саясий мааниге ээ. Л. шайлоо учурунда добуш­ту «кулуарларда», «көчөлөрдө сатып алуу» де­генди түшүндүрөт. Л. саясаты негинен: 1) со­циалдык, саясий күчтөрдүн пайдасына; 2) өлкө­нүн, аймактардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн; 3) жалпы социалдык же глобалдуу про­блемаларды чечүү максатында колдонулат. Л. көп тепкичтүү социалдык көрүнүш. Л-дин неги­зи болуп социалдык, этностук, саясий топ же кыймыл эсептелет. Л-дин механизмдери - көзө­мөлгө алуу. Л. институту АКШда 1946-жылдан рас­мий көзөмөлдөнөт жана финансылык жардам алат. Л-дин саясий таасирдүүлүгү АКШда, өзгөчө согуштук ө. ж. комплексинде өтө күчтүү.