ЛОБАЧЕВСКИЙ ГЕОМЕТРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛОБАЧЕВСКИЙ ГЕОМЕТРИЯСЫ - геометриялык теория. Аны 1826-жылы Н. И. Лобачевский түзгөн. Евклид геометриясынын негизги эрежелерине негизделген. Евклид аксиомасы тегиздиктеги берилген түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу берилген түз сызыкка параллель, башкача айтканда ал түз сызык менен кесилишпөөчү бир гана түз сызык жүргүзүүгө болот деп далилдейт. Ал эми Л. г. боюнча тегиздиктеги берилген түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу берилген түз сызык менен кесилишпөөчү бирден көп түз сызык жүргүзүүгө болот деген аксиома айтылат. Л. г-нда көп теоремалар Евклид геометриясынын окшош теоремаларынан айырмаланат, мисалы, үч бурчтуктун бурчтарынын суммасы эки тик бурчтан кичине, эки окшош үч бурчтуктар ар дайым өз ара барабар. Евклиддик эмес Л. г-нын ачылышы мейкиндик табияты жөнүндөгү көз карашты түптамырынан бери өзгөрттү. Лобачевский аксиомасы аткарылуучу тегиздик (мейкиндик) Лобачевский тегиздиги (мейкиндиги) деп аталат. Л. г-нын аксиомалары Евклид геометриясынын аксиомаларынан (параллелдер жөнүндөгү аксиомадан башка), башкача айтканда абсолюттук геометриянын (1-1У группалардагы аксиомалардан) жана Лобачевский аксиомаларынан турат. Демек, абсолюттук геометрия менен Лобачевский аксиомалары жана алардын натыйжалары Л. г-н аныктайт. Евклид геометриясы Л. г-нын айрым учуру болуп эсептелет. Л. г. боюнча ар кандай үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 180°тан кичине. Аны абсолюттук геометриянын теоремасы катары Лежандр далилдеген. Эгерде үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 180°ка барабар десек, анда Евклиддин параллелдер жөнүндөгү аксиомасын кабыл алабыз, бирок Л. г-нда ал аксиома кабыл алынбайт. Ошондуктан үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 180°тан кичине болушу туруктуу эмес, ал бир үч бурчтуктан экинчи үч бурчтукка өткөндө өзгөрөт. Эгерде бир үч бурчтуктун үч бурчу экинчи үч бурчтуктун туура келүүчү үч бурчуна барабар болсо, анда ал үч бурчтуктар барабар болот. Демек, Лобачевский тегиздигинде окшош үч бурчтуктар болбойт. Л. г. боюнча томпок төрт бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 360°тан кичине. Жалпы перпендикулярга ээ эки түз сызык жыйналбас түз сызыктар деп аталат. Л. г-нын түзүлүшү жалпы эле геометриянын түзүлүшүнө, ошону менен бирге азыркы көз караштагы математиканын негизделишине алып келди, аксиомалык-методдун башталышын түздү. Лобачевский аксиомасы математиканын түрдүү бөлүмдөрүндө, ошондой эле Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясында, кванттык механикада, өтө чоң ылдамдыкка ээ болуучу кыймылдарды үйрөнүүдө, заманбап атомдук физикада, космос илиминде ж. б. колдонулууда.
Ад.: Каган В. Ф. Очерки по геометрии. М., 1963; Широков П.А. Краткий очерк основ геометрии Лобачевского. 2-е изд. М., 1983.