ЛИЦЕЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛИЦЕЙ (грекче Букеюп) - билим берүүчү мекеме, окуу жай. Батыш Европа, Латын Америка жана Африкада кадыресе жалпы билим берүүчү мекеме Л. деп аталган. Л-де окуу мөөнөтү ар бир өлкөдө ар кандай бекитилген. 1917-жылы чейин Россияда айрыкча дворяндардын балдары үчүн ачылган билим берүүчү мекеме катары белгилүү болгон. Учурда КМШ өлкөлөрүндө жалпы билим берүүчү мектептердин көпчүлүгү кошумча же кесиптик билим берүү программаларын киргизүү аркылуу Л. аталган. Мындан тышкары мурдагы кесиптик-техникалык окуу жайлар да азыр Л. деп аталат. Кыргызстанда биринчи Л. 1990-жылы Каракол ш-нда Т. Сатылганов атындагы жана Ош шаарында У. Салиева атындагы жалпы билим берүүчү мектептердин базасында ачылган. Учурда ар бир область, ш-нда Л. бар.