ЛИФТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛИФТ (англ. lift - көтөрүү) - көп кабаттуу үйлөрдө, шахтада адамды жана жүктү жогору көтөрүп чыгаруучу, төмөн түшүрүүчү жабык кабина. Электрдик Л. чыгырык (блок) аркылуу өткөн болот аркан менен бир жагына кабина жана экинчисине каршы салмак илинген. Көтөрө турган жүктүн салмагы кабина менен каршы салмактын айырмасына барабар болуш керек. Л. шахтанын жогору жагында жайгашкан электр мотору менен кыймылга келет. Гидравликалык Л. төмөн жагынан кабинанын астындагы домкрат менен тирелип көтөрүлөт. Азыркы автоматтык Л-тер микропроцессорлор менен башкарылат жана ар кандай чакырууга жараша иш аткарат. Кабинанын эшиги кабаттын дал тушуна келгенде ачылат. Көк тиреген көп кабаттуу үйлөрдө экспресс Л. - төмөндөн жогорку кабатка чейин жеткирүүчү жана белгилүү кабатка чейин гана жеткирүүчү Л-тер орнотулган. 0. эле жүргүнчү ташуучу Л. (жөнөкөй, тез жүрүүчү, оорукана Л-и) жүк көтөрүмдүүлүгү 320-1600 кг, ылдамдыгы 0,5-7 м/с, ал-эми жүк ташуучунуку (мисалы, дүкөндөрдө) 10 г, 0,18-0,5 м/с. Көтөрүү бийиктиги болжол менен 150 жден жогору.