ЛИТОТА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска
ЛИТОТА (грекче litotes - жөнөкөйлүк, токтоолук дегенден) - сүрөттөлүп жаткан көрүнүштүн таасирин арттыруу максатында анын күчүн, көлөмүн, маанисин атайылап кичирейтип сүрөттөгөн көркөм сөз каражаттарынын бир түрү. Л. гиперболага карама-каршы мааниде колдонулат. Эгерде гиперболада сүрөттөлуүчү көрүнүш апыртылып берилсе, Л-да, тескерисинче, кичирейтилип көрсөтүлөт (мисалы, «Тырнактай болуп жаралып, Тууган жер консоң оюма. Көрсөтөр элем дүйнөгө, Көтөрүп жүрүп колума». Б. Сарногоев). Акын ата журтун кичирейтип «тырнактай» деп сүрөттөйт да, ага болгон терең сүйүүсүн күчтүү сезим менен берүүгө жетишет.