ЛИТОСФЕРА ПЛИТАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛИТОСФЕРА ПЛИТАЛАРЫ - Жердин литос­ферасы бөлүнгөн салыштырмалуу монолиттүү плиталар. Учурда 7 ири (туурасы 1000 «лгден жогору) плита бар: Түндүк Америка, Евразия, Түштүк Америка, Африка, Инди-Австралия, Антарк­тика жана Тынч океан. Бардык ири Л. п. (Тынч океан плитасынан башкасы) континенттик жана океандык бөлүктөрдү камтыйт. Ошондой эле 7 кичи плитага (туурасы 1000 клгден аз) да бө­лүшөт: Кокос, Наска, Скоша (Скотия), Кариб, Араб, Филиппин, Каролин. Мындан тышкары түндүктө Түндүк Америка менен Евразия, түштүктө Түштүк Америка, Африка жана Инди-Австралия плиталарынын ортосундагы алкакта жай­гашкан майда плиталар да бар. Л. п-нын маг­малык жана сейсмдик активдүү зоналар менен бел­гиленген чеги вертикалдык же субвертикалдык бөлүнүү зоналары менен берилген. Л. п. бири-би­рине салыштырмалуу горизонталдык (айрым учурда вертикалдык,) багытта бир нече минде­ген кмге чейинки аралыкка (жылына.бир нече смден 10 смге чейинки ылдамдыкта) жылып турат. Плиталар кыймылга келгенде четтери бузулат. Л. п-нын ички бөлүктөрүндө бул учур­да плиталардын четтеринде топтолгон чыңа­луунун жана ички плиталык магматизм тааси­ринен ички плиталык деформациялар жүрөт. Л. п-нын жылышуу механизми Жердин мантия­сынын конвекциясы менен байланыштуу. Л. п-нын жылышына кошумча күч катары Л. п-нын спре­динг зоналарында (түпкүрдөн магма порциялар менен келгендиктен) ары-бери жылышы жана субдук­ция зонасында океандык Л. п-нын (терендикке байланыштуу оордук күчүнүн таасири астында океан литосферасынын тыгыздыгынын өсүшү­нөн) тартылышы болот.