ЛИТОРАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛИТОРАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ - литоралда пайда болгон чөкмө тектер. Ар түрдүү курамдан ту­рат. Сүрүлүп жылмаланган тоголок, жумуру, жалпак түспөлдөгү кесек бөлүкчөлөр. Ар кан­дай чоңдуктагы кумдар, ылайлуу топурактар (баткактар), кээде өсүмдүктөр менен жаныбарлар­дын калдыктары кездешет. Азыркы кезде пай­да болуп жаткан Л. ч. деңиздин жээгинде ичке тилкени пайда кылат. Байыркы доорлордогу Л. ч. деңиз суулары тартылганда же ташкындаганда орун алгандыктан, чоң аянттарды кучагына алат. Айрым учурда трансгрессйя процессинен (деңиз суусунун кургактыкты капташынан) Л. ч. башка тектер менен көмүлүп калат.