ЛИТИЙ КЕНТАШТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

31 октябрь 2026, саат 08:00 учурдагы нуска

ЛИТИЙ КЕНТАШТАРЫ - курамында бөлүп алууга жарамдуу литий элементи бар минерал­дардын чогундусу. Ө. ж-лык мааниге ээ болгон минералдарга сподумен (Ы2О - 6-7%), петалит (3,5-4,9%), амблигонит (8-10%), литий слюда­сы (циннвальдит - 3,0-3,5%), лепидолит (4- 6%) кирет. Литийге бай минералдар эндоген­дик шартта гранит магмасы менен байланышкан. Негизинен жогорку температурада (500-250°С), 1,5- 7 км тереңдикте постмагмалык процесстен пай­да болот. Л. к-нын ө. ж-лык-генезистик тип­терине натрий-литий тибиндеги сейрек металл­дуу пегматиттер (сподумендүү пегматит, лепидо­лит-сподумендүү пегматит, лепидолит-пета­литтүү пегматит типчелери); литий-фтор тибин­деги сейрек металлдуу граниттер; циннвальдит­түү же.лепидолиттүү грейзендер; алар менен бирге кездешүүчү циннвальдити бар касситерит-вол­фрамиттүү кварц тарамдары мисал болот. Л. к-нын бардыгы комплекстүү келет. Сподумендүү жана петалиттүү кенташтарда Ы менен бирге Ве, Та, Св, РЬ, 8п кездешет. Циннвальдиттүү кен­ташта 8п, IV жолугат. Ири кендери Канада, АКШ, Зимбабве (Түщ. Родезия), Бразилия, Рос­сия ж. б. жерлерден табылган.