ЛИТВА (уландысы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1-сап: 1-сап:

101-БЕТ, 2-БӨЛҮК иштетүү, женил жана тамак-аш ө. ж. ишканала­ры. Л-нын отун ресурстары дээрлик жок (бир аз гана чым-көң өндүрөт); табигый газды жана нефтини Россиядан алат. Мажейкяй ш-ндагы нефть ажыратуу заводу - Балтика бою өлкөлө­рүндөгү жалгыз ишкана. 2008-жылы 13,9 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн (ички муктаждыкты толук камсыз кылат). Нямунас д-нда Каунас ГЭСи, Круонис гидроаккумуляция станциясы курулган. Машина куруу ө. ж-нын негизги тармактары - станок куруу, ө. ж. жаб­дуулары жана приборлор, электр-техникалык жана элек­троника ө. ж. ишканалары. Станок куруу ө. ж. жыгач иштетүүчү станокторду жана жабдуулар­ды, фрезалык жана сайкалдоочу станокторду чыгарат. Тамак-аш ө. ж. үчүн жабдууларды (анын ичинде товар таңгактоочу, суюк тамак-аш продуктула­рын кайра иштеп чыгаруучу технол. жабдуу­лар), жылыткыч казан, вентиляция жабдуула­рын, ө. ж-лык электр жана газ мештерин, лазер­дик, медициналык, ченегич жана оптикалык приборлор­ду, муздаткыч, телевизор, компьютер жана алар­га тетиктерди даярдоочу ишканалары бар. Ма­шина куруу заводунун базасында Россиянын мик­роавтобустарын жана жүк ташуучу ГАЗ жеңил автомобилдерин кураштыруу ишканасы иштейт. Литва-Беларуссия биргелешкен «МАЗ-Балтия» ишканасы оор жүк ташуучу автомобилдерди кураштырат. Клайпеда - кеме куруу жана ремонт­тоо борбору. Металл иштетуү ө. ж. өнүккөн. Химиялык ө. ж. азот-фосфат жер семирткичтерин, желим, сыр, ө. ж. газын, пластмасса, жасалма була, косметика продукцияларын ж. б., жыгач иштетүү ө. ж. жыгач материалдарын, эмерек, кагаз, картон чыгарат. Цемент, бетон жана те­мир-бетон, кыш, карапа такта ж. б. даярдайт. Женил ө. ж-нан кебез-кездеме, жүн, кендир, тор кездемелерди чыгаруучу ишканалары иштейт. Көркөм промысели (янтардан, карападан буюм жасоо, жыгач оймо-чиймелеп кооздоо, булгаа­рыга наар салуу ж. б.) өнүккөн. Тамак-аш ө. ж. эт жана сүт продуктуларын өндүрүүгө адистеш­кен; ошондой эле кант, кондитер фабрикалары, пиво, ал­коголь продукцияларын (арак, бренди, ликёр, настойка) чыгаруучу заводдору бар.

Өлкө а. ч. продуктулары менен өзүн толук кам­сыз кылат. Чарбаларынын жалпы саны 230 миң­ден ашык, анын 60%тен ашыгы - чакан (5 гага чейинкилер) үй-булөлүк фермалар. А. ч-га жа­рактуу жеринин аянты 3,5 миллион га (өлкөнүн аянтынын ’72и), анын 84% и айдоо жер, 14%тен ашыгы шалбаа жана жайыт, 2%тейи көп жыл­дык өсүмдүктөр. Өсүмдүк өстүрүүчулук агрардык про­дукция наркынын 57,6% ин түзөт (2008). Мал чарбасы үчүн тоют өндүрүүнүн мааниси зор. Дан эгиндерин (негизинен күздүк буудай, арпа), картөшкө, жашылча, кант кызылча, мөмө-же­миш, чанактуулар, зыгыр ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы сүт-эт багытындагы уй, бекондук чоч­ко, үй канаттууларын асыроого адистешкен. То­кой чарбасы өнүгүүдө.
[[File:101-БЕТ,_2-БӨЛҮК_1.jpg|thumb]][[File:101-БЕТ,_2-БӨЛҮК_2.jpg|thumb]]

Өлкө а. ч. продуктулары менен өзүн толук кам­сыз кылат. Чарбаларынын жалпы саны 230 миң­ден ашык, анын 60%тен ашыгы - чакан (5 гага чейинкилер) үй-булөлүк фермалар. А. ч-га жа­рактуу жеринин аянты 3,5 миллион га (өлкөнүн аянтынын ’72и), анын 84% и айдоо жер, 14%тен ашыгы шалбаа жана жайыт, 2%тейи көп жыл­дык өсүмдүктөр. Өсүмдүк өстүрүүчулук агрардык про­дукция наркынын 57,6% ин түзөт (2008). Мал чарбасы үчүн тоют өндүрүүнүн мааниси зор. Дан эгиндерин (негизинен күздүк буудай, арпа), картөшкө, жашылча, кант кызылча, мөмө-же­миш, чанактуулар, зыгыр ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасы сүт-эт багытындагы уй, бекондук чоч­ко, үй канаттууларын асыроого адистешкен. То­кой чарбасы өнүгүүдө.
[[File:101-БЕТ,_2-БӨЛҮК_1.jpg|thumb|alt=Литва акчасы - лит.|Литва акчасы - лит.]][[File:101-БЕТ,_2-БӨЛҮК_2.jpg|thumb|alt=Литва акчасы - лит.|Литва акчасы - лит.]]

Литва акчасы - лит.

Литва акчасы - лит.

30 октябрь 2026, саат 08:56 учурдагы нуска

Транспорттук тейлөө, ошондой эле соода, банк-кре­диттик сектор, байланыш жана телекоммуника­ция, туристтик бизнес жолго коюлган. Виль­нюс фонд биржасы иштейт. Туризм, анын ичинде мада­ний-таанып билүү (борборлору - Вильнюс, Кау­нас), курорттук-ден соолукту чындоо (Паланга, Друскининкай ж. б.) өнүккөн. 2008-жылы Л-га 4,5 миллион турист келген. Мейманкана чарбасы, ресторан бизнеси жана аларга байланыштуу тейлөөлөр өнүккөн.

Л-нын транспорттук тармагы Чыгыш - Ва­тыш (анын ичинде Россиянын Калининград обл. менен) жана Туш. - Түндүк (Борбордук Европаны Балтия, Скан­динавия өлкөлөрү менен байланыштырат) багыт­тарында транзиттик йсүк жана жүргүнчү ташыйт. Жүктүн 50% ке жакыны автомобиль, 45%тен ашыгы т. ж., 5%тен ашыгы суу жолдору менен ташылат. Жүргүнчү ташуунун 98% и автомобиль транспортуна туура келет. Автомобиль жблу­нун узундугу 81 миң км. Л. аркылуу эл аралык маа­нидеги - Варшава (Полыпа) - Каунас - Рига (Латвия) - Таллин (Эстония), Минск (Беларус­сия) - Вильнюс - Мариямполе - Калининград (Россия), Псков (Россия) - Рига - Калинин­град - Варшава ж. б. автомагистралдары өтөт. Т. ж-нун узундугу 1746 км, анын 122 кми электрлеш­тирилген (2009). Негизги т. ж-дору: Санкт-Пе­тербург (Россия) - Даугавпилс (Латвия) - Виль­нюс - Варшава (Полыпа), Минск - Вильнюс - Каунас - Калининград, Рига - Шяуляй - Виль­нюс - Барановичи (Беларуссия). Деңиз соода флоту 45 кемени камтыйт, анын бсы чет өлкөлүк кеме ээлерине таандык; 28 кеме башка

өл­көлөрдүн желеги менен жүрөт. Жалгыз деңиз пор­ту - Клайпеда. Ички суу жолунун узундугу 441 км-, кеме Нямунас д. жана анын куймасы - Нярис д-нда, ошондой эле Тракайс көлүндө жүрөт. Нефть куур­ларынын узундугу 500 км. Вильнюс, Каунас, Палан­га ш-нда эл аралык аэропорттору бар.

Экспорттун ‘Дин нефть продуктулары түзөт; ошондой эле сыртка машина жана жабдуулар, тамак­аш, химия, жеңил ө. ж. продукциялары, жы­гач жана андан жасалган буюмдар чыгарылат. Сырттан нефть жана нефть продуктулары, мине­ралдык сырьё, машина куруу, химия жана же­ңил ө. ж. продукцияларын сатып алат. Ири соода шериктери: Россия, Латвия, Германия, Полыпа, Эстония, Улуу Вритания, Нидерланд.

Билим берүү. Билим берүү системасы мектеп­ке чейинки тарбиялоону, 4 жылдык баштал­гыч, 6 жылдык базалык (толук эмес орто мек­теп), 2 жылдык толук, орто, кесиптик орто (3 жылдык - кесип алуу үчүн, 4 жылдык толук орто билим жана квалификация алуу үчүн) жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу мамлекеттик мекемелерде акысыз. Калктын сабаттуулугу 99,7%ти (15 жаштан жогору) түзөт. 48 ЖОЖ (анын ичинде 31 мамлекеттик, 17 менчик) жана илимий мекемелери, Л. ИА, ири музейлери (улуттук, янтарь ж. б.) китепканалары бар.

Массалык-маалымат каражаттары. Жалпы элдик ири гезиттери: «Ые1пуо8 гуЬаз», «ЕезрпЬ­Ика», «Каипо <Пепа» жана орус тилинде: «Экс­пресс-неделя», «Обзор», «Литовский курьер» ж. б.; «Уе1<1аз», «Сууешшо Ьибаз», «ТУ ап!епа» ж. б. у. с. журналдары бар. Радиоуктуруусу 1926-жылдан, телекөрсөтүү 1957-жылдан иш­тейт. 48 радиостанцияж-а «ЬТУ», «ЬТУ-2» мамлекеттик телеканалдары, «М 1», «М 1+» ж. б. менчик радиостанциялары, «ТУ 3», «ВТУ», «ШК» ж. б. менчик телеканалдары бар. Улуттук маалымат агенттиги (1920-жылдан) ж. б. агенттиктер иштейт.

Адабияты. Л-нын алгачкы жазма эстеликте­ри 14-17-к-да орус (белорус), латын жана поляк тилдеринде жаралган. 17-18-к-да латын жана по­ляк тилиндеги адабият менен катар - Л. тилиндеги чыгармалар жаралган, алардын эң маанилүүсү К. Донелайтистин «Жыл мезгилдери» (1760- 75-ж. чен, 1818-жылы жарыкка чыккан). 19-к-дын 1-жарымындаС. Валюнас, А. Клемантис, Д. Пош­ка, С. Станявичюс, С. Даукантас ж. б. акындар Л. адабиятын өнүктүргөн. Л. лирикасынын баштоо­чусу катары А. Страздас («Жарандык жана ди­ний» ырлар жыйнагы, 1814), Л. көркөм проза­сынын негиздөөчүсү деп М. Валанчюс («Балдар үчүн китеп», «Чондор үчүн китеп», экөө тең 1860, «Палангалык Юзе», 1869) эсептелет, А. Бара­науСкастын «Аникщяй токою» лирикалык поэмасы (1860-61) - Л. романтикалык поэзия­сынын төл башы. 19-20-к-дын биринчи Л. ро­маны В. Петаристин «Альгимантас» романы жарыкка чыккан (1904), драматургия пайда болгон (Кетуракис, «Америка мончодо» комедия­сы, 1895). Биринчи Л. Респ-касынын мезгилин­де (1918-40) адабиятка авангардизм идеялары ки­рет, бирок элдик ыр салттары менен терең байла­нышты сактап калган. Модернизм адабиятында неоромантизм өзгөчө таасирлүү болгон. 20-к-дын 1-жарымындагы Л. адабияты ошондой эле символизм (Ю. Балтруштайтис, Ф. Кирши), футуризм (К. Банкикс, П. Тарулис), экспрессионизм (Г. Радускас, Ю. Савщикс) нугунда өнүккөн. Реа­листтик багыт прозада өзгөчө өрүш алган (А. Венуалис, М. Пячкаускайте, П. П. Оринтай­те). Советтик Л. адабиятында (1940-90) негизинен социалисттик реализм үстөмдүк кылган: А. Гудайтис-Гузяви­чюс («Уста Иснотастын чындыгы», 1-2-бөлүк, 1948-49), Ю. Балтушис («Сатылган жылдар», 1-2-бөлүк, 1957-69), А. Беляускас ж. б. жазуучу­лардын романдары. 1960-70-жылдары Л. ад­тына жазуучулардын лирикалык жана психол. салттарды уланткан жаңы муун келген: И. Ме­растын «Тең чыгуу тез бүтөт» (1963) романы; Ю. Апутис, М. Слуцкис, С. Шадонис ж. б-дын новеллалары. Советтик мезгилдеги Л. поэзиясына идеол. багыттуулук жана пафос мүнөздүү (Э. Ме­желайтис, Т. Тильватис, А. Йиникас ж. б. 1950- жылдардын ортосунан неоромантизм кайра жанданса (Ю. Марцинкявичюс, Я. Дягутит, А. Макдонис, Й. Стрелкунас), 1960-70-жылдар­да модернисттик поэзия өрүш алган (Т. Венцло­ва, В. Миколайтис-Путинас, А. Венуолис ж. б.). 20-к-дын 2-жарымында драматургиянын ири өкүлү Ю. Грушас тарыхый драмаларды («Гер­кусМантас», 1952; «БарбораРадвилайте», 1971; «Швитригайла», 1975) жараткан. 0. эле Ю. Глинкис («Грастын үйлөрү», 1970; «Тараза жылдыз», 1977), Г. Грауяскас, М. Ивашкяви­чюс, Г. Кунчюс, К. Остраускас, К. Сай ж. б. дра­матургдардын чыгармачылыгы кеңири белгилүү бол­гон. 2-дүйнөлүк согуш учурунда жана согуштан кийин көп акын-жазуучулар Германияга, ал жактан Австралия, АКШ, Улуу Британияга эмиграцияга кетишкен. Улуу муундагы жазуу­чуларга (Й. Айстис, Б. Браздджёнис, А. Вайчю­лайтис, Ф. Кирша, В. Креве, И. Шейнюс) өт­көндү сагынуу, неоромантизм мүнөздүү болсо, орто муундагылар (К. Брадунас, М. Катилиш­кис, Ю. Кекштас, Г. Нагис, А. Ника-Нилилюнс, Б. Пукялявичют) экзистенциализм багытында­гы философиялык прозаны улантышкан. Кичүү муун­дан А. Шкем, «Ак кепин» (1954) романын модер­низм багытында жаратса, Люне Сутем, А. Мац­кус, Ю. Мачюнас, Й. Мякас йостмодернистик багытта ырларды.жазышкан. Эмиграцияда төрөлгөн жазуучулар И. Мачюлите-Гуилфорд, А. Шилейк жана акын Р. Филип ж. б. чыгарма­ларын англис тилинде жазышат. 1990-жылдар­дагы Л. прозасына фантасмагормониялуулук мүнөздүү (И. Скаблаускайте, Г. Береснявичюс,

Д. Кайокас), советтик тоталитардык режимди пост­модернизмге таандык ирония жана гротеск менен сүрөттөгөн романдар (Ю. Кунчинас, Р. Гавялис [«Вильнюстук покер», 1989; «Жаш адамдын мемуары», 1991], Ю. Иванускайте («Мастан жана жамгыр», 1993), Ю. Эрлицкас («Китеп», 1996; «Литва тарыхы», 2000), ошондой эле М. Иваш­кявичюс, С. Т. Кондротас, В. Юкнайтенин чы­гармалары пайда болду. 20-21-к-да докумен­талдык стилдеги чыгармалар жаралган (Юкнай­те, «Өзундү үнүндөн таануу», 2002). 3. Чяпайте, У. Барускайте, Д. Язукявичюте феминистик те­матикага кайрылган. Заманбап прозада жан дүйнөнү ачып берген очерктик стилге умтулуу байкалууда; эссе жанры өрүш алууда. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башында Л. адабияты адам менен жаратылыштын байланыш мотиви, ошондой эле нео­романтизмдин салттарын сактаган постмодер­низм багытына көңүл бурууда. Орус тилиндеги адабияты да өнүгүүдө.

Архитектура жана сүрөт искусствосу. Л. ай­магындагы алгачкы искусство эстеликтери палео­литтин акыры, мезолит, айрыкча неолит (биздин заманга чейинки 4-миң жылдыктын ортосу, 2-миң жылдык) доо­руна таандык. 1-миң жылдыкта чыңдалган кал­ктуу конуштар - пилякальнистер пайда болуп,

Ыйык Екатерина костёлу. Вильнюс. 17-18-к.

көбү 9-12-к-да феодалдардын жыгач сепилдерине айланган. 13-14-к-да жыгач жана таш замоктор курулган. Л-да айрыкча 15-к-да шаар куруу тез өнүгөт (мисалы, Каунастагы Перкуностун үйү, 15- 16-к.). 16-к-да Л. искусствосу Кайра жаралуу доо­рунун көркөм маданиятына эриш-аркак өнүккөн. Анын үлгүсүндөгү турак үйлөр, чиркөөлөр, се­пилдер коргонууга ыңгайланып салынган (мисалы, Шяуляйдагы Ыйык Пётр жана Павел чиркөөсү, 1595-1625). 17-18-к-да барокко стилинде като­лик чиркөөлөрү, ак сарайлар курулган. 18-к-дын акырынан классицизм принциптери тарай баш­тап (Каунастагы мунара, 1777-80 жана Ратуша, 1786-99). Шаар курулушу кеңири кулач жа­йып, орус адистери Вильнюс, Каунас, Шяуляй ш-н долбоорлоого жана курууга катышкан. 19- к-дын 2-жарымы - 20-к-дын башында Л. арх­расында эклектизм (Бяздонистеги «Миндоза» вилласы, 20-к-дын башы) басымдуулук кылган,

Вильнюстагы Фи­лармониянын има­раты.

ошондой эле неоренессанс (Таурагедеги замок, 1847- 64), неоготика (Рокишкистеги костёлдор, 1868- 83), соңку классицизм (Вильнюстагы филармо­ниянын имараты, 1899-1902), необарокко (Кау­настагы Музыкалык театрдын имараты, 1890-92) стил­дери да өнүккөн. 1900-30-жылдарда модерн сти­ли өрүш алган (Вильнюстагы Вилейшистер ак сарайы, 1904-06 ж. б.). 1945-жылдан кийин шаарлар калыбына келтирилип, жаңы посёл­калар курулган. 1950-60-жылдары советтик неоклас­сицизм стилинде курулган үйлөр пайда болгон (Окумуштуулар үйү, 1950; Улуттук китепкана, 1963, экөө тең - Вильнюста). 1959-жылдан ири панелдүү курулуш кеңири кулач жайган. 1960- 80-ж. Вильнюс, Каунас, Клайпеда ж. б. шаар­ларда жаңы турак үйлөр тургузулган (арх-тор­лор Касперавичене, В. Чеканаускас, В. Бреди­кис ж. б.). Л. архитекторлорунун долбоорлору боюнча СССРдин Ташкент, Минск, Ростов-на-Дону ж. б. шаарларында курулуштар жүргүзүлгөн. 1990-2000-жылдарда Пакальняй кыш. Ыйык Троица костёлу, Палангадагы Ивердик Кудай Эне иконасынын урматындагы чиркөө (2000-02), Клайпедада Покров-Николь чиркөөсү (2000-05), Каунастагы «1000» Ишкер борбору (2008) ж. б.

М. К. Чюрлёнис атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи­нин имараты. 1930-36. Каунас. Архитектор В. Дубе­нецкис.

курулган. Л. архитекторлор Союзу 1945-жылы негизделген. Л. аймагынан адамдардын жана айбанаттардын неолит дооруна таандык тулкулары, жыгач скульптуралар жана карапа буюмдар табылган. О. кылымда сүрөт искусствосунун Батыш жана Чы­гыш Европанын искусствосу менен өзг ара тыгыз байланышта өнүгүп, диний жана жарандык те­матикадагы живопись таралган. 16-к-дын 1-жа­рымынан китеп басып чыгаруунун башталы­шы менен ксилография пайда болгон. 20-к-дын башындагы Л. искусствосунда М. К. Чюрлёниске өзгөчө орун таандык. Көп Л. сүрөтчүлөрү Санкт­Петербургдан, Москвадан таалим алган. Реа­листтик искусствонун өнүгүшүнө Каунас көркөм сүрөт мектебинин (1922-жылы негизделген) окуучу­ларынын «Көз карандысыз сүрөтчүлөр коому», «Арс» ж. б. бирикмелери(1930-жылдардауюшул­ган) чоң роль ойногон. Согуштан кийинки жылдарда тарыхый жана жанрдык живопись (С. Вейверите, В. Дилка ж. б.), пейзаж (В. Гя­час, Й. Шважас ж. б.), портрет (А. Гудайтис, П. Стаускас ж. б.) искусствосу өнүккөн. 1960-70- жылдары сүрөтчүлөр В. Кисараускас, абстрак­ционисттер В. Жилюс, К. Зимблите, Л. Кати­нас; скульпторлор Т. Валайтис, В. Вилжю­нас; 1980-жылдары - скульпторлор Г. Кара­люс, С. Кузма, П. Мазурас, М. Навакас, В. Ур­банавичюс, К. Ярошевайте; живописчилер В. Жукас, Ш. Шаушка, Р. Шлицис; графикчи М. Вилутистер таанымал болушкан. Л. сүрөтчү­лөр союзу 1951-жылы түзүлгөн.

Музыкасы. Л. элинин музыкалык маданияты байыркы классикалык салт жана музыкалык фольклордун неги­зинде калыптанган. Эмоциялуу, токтоо элдик ырлар диатоникалык маанайда ырдалат. Көп үндүү музыка - сутартинес бөтөнчө кызык. Эл­дик аспаптары: үйлөмө - рагас (мүйүз), дауди­тес (узун түтүк), скудучяй (көп өзөктүү флейта), лумздялис (сыбызгы флейта), бирбине; канк­лес - чертме; скрабалай - урма ж. б. 14-к-дан костёлдордо, соборлордо органдар орнотулуп, анда ойноого жана хорго зор көңүл бурулган. 1667-жылы Ж. Ляуксминастын «Музыкалык иск­во жана практика» деген туңгуч окуу китеби жарык көргөн. 17-к-да князь сарайында итал. опера жана балет труппасы, оркестр болгон. 18- 19-к-да ак сарай театрларында опералар коюл­ган. Аспаптык музыка өнүккөн (М. Казимир Огиньский). 1840-58-ж. поляк композитор С. Монюш­ко Л-да иштеп, музыкалык маданиятка кыйла таасир тий­гизген. Элдик хор кеңири кулач жайган (уюш­туруучулар - С. Шимкус, А. Ясенаускас, Ю. Ней­монтас, В. Видунас). 1906-жылы «Вильняус канк­лес» коомунун күчү менен туңгуч улуттук опера М. Петраускастын «Бируте» операсы коюлган. М. К. Чюрлёнис, Ю. Карнавичюс, Ю. Груодис, С. Шимкус ж. б. сыяктуу классиктер менен бир­дикте органчы жана педагог Ю. Науялис, хор ди­рижёру Ч. Саснаускас, М. Петраускастар Л. про­фессионал музыкасына негиз салган. 1919-жылы Вильнодо мамлекеттик симфониялык оркестр түзүлгөн. 1920-жылы Каунаста опера театры (1998-жылдан Литва опера жана балет театры) ачылып, 1948- жылдан Вильнюска которулган. 1956-жылы Кау­наста карийон музыкасынын концерттери, М. К. Чюрлёнис атындагы Эл аралык пианисттер кон­курсу (1965, Вильнюс) өтүп турат. 1968-жылы СССРде орган музыкасынын биринчи Эл аралык конкурсу (Вильнюс, Каунас) өткөн. «Клайпеда музыка жазы» (1976-жылдан), «Вильнюс фес­тивалы» (1977-жылдан), «8а1үе шизхса» рож­дестволук (2004-жылдан), «Музыкалык өзгө-. рүүлөр» заманбап музыка (2005-жылдан, экөө тең Клайпедада), И. С. Вах музыкасы (2007, Вильнюс) ж. б. көптөгөн музыкалык фестивалдар өткөрүлөт. Л. композиторлор союзу 1948-жылы уюшулган.

Балети. Л-да профессионал балетинин өнүгү­шү 17-к-да башталган. 1785-жылы Вильнодо ачыл­ган шаардык театрда туруктуу балет труппасы болгон эмес, бирок артисттердин күчү менен балет оюндары коюлуп келген («Ойцоведеги үйлөнүү тою», Я. Стефани, 1858). 19-к-да Вильнодо гас­тролго келген чет өлкөлүк артисттер оюн көрсө­түшкөн. 20-к-дагы балет искусствосунун өнүгүшү

А. Шандеровастын «Дездомона» балети­нен бир көрүнүш. Литва опера жана ба­лет театры.

О. Дубенецкененин ишмердигине байланыштуу. Ал 1921-жылы Каунаста балет студиясын ачкан. 1924-жылы Каунаска чакырылган П. Н. Петров бир нече балет койгон (1925, Л. Делиба «Коппелия»; 1927, П. И. Чайковский «Ак куу көлү» ж. б.) жана балет студиясын жетектеген. 1928-30-ж. Ка­унаста В. А. Караллинин студиясы иштеген. 1931-жылы Мамлекеттик театрдын труппасына орус бале­тинин чеберлери чакырылган. 1948-жылы театр Вильнюска которулуп, анда хореограф Ф. В. Ло­пухов, М. Л. Сатуновский иштеген. Заманбап темадагы биринчи литва балётин В. Гривиц­кас койгон. 20-к-дын 30-жылдарынын акырында классикалык мектептин, улуттук салттардын жана заманбап бий техникасынын айкалышуусу хореографтар Э. Букайтистин («Эгле - жылан­дар ханышасы», Э. Бальсис, 1976), В. Бразди­листин («Коппелия», Л. Делиба, 1983), Ю.

Смо­ригинастын («Макбет», И. О. Балакаускас, 1989), Э. Домейкинин чыгармачылыгынан көрүнөт.

20-21-к-дын чегинде Л. балетинин өнүгүшүнө В. Васильев, Б. Я. Эйфман, А. 0. Ратманский, К. Симонов, А. Анастос салым кошту. Балет спектаклдери Каунас (1948-жылдан) жана Клай­педа (1989-жылдан) музыкалык театрларында жана Виль­нюстагы менчик театрларда («Вильнюс балети», 1999; «Көркөм академиянын бий театры», 2000) коюлат. Балет искусствосуна Г. Сакалаускай­те, Л. Ашкеловичюте, Р. Миндерис, В. Кужма, И. Катакинас, П. Скирмантас, И. Валейкайте, И. Цибулските ж. б. салым кошкон. Заманбап бий 1939-жылдан өнүгүүдө. 1969-жылы Каунаста «Со­ната» бий ансамбли, 1980-жылы «Аура» заманбап бий студиясы уюшулган. 0. эле бир нече бий коллективдери бар. Эл аралык «Жаңы балтика бийи» фестивалы өткөрүлүп турат.

Киносу. Вильнодо жана Ковнодо 1905-жылдан туруктуу кинотеатрлар иштей баштаган. Туң­гуч документалдуу фильмди 1909-жылы оператор жана реж. В. А. Старевич тарткан («Немандын боюнда»). 1920-жылдары операторлор жана ре­жиссёрлор (С. Уздонас, С. Вайналавичюс, А. Жи­бас ж. б.) хроникалык фильмдерди жараткан. Л. киностудиясынын өз алдынча тарткан би­ринчи толук метраждуу фильми - В. Микалаус­кастын балдарга арналган «Көгүлтүр горизонт» киносу. Төрт новелладан турган «Тирүү баатыр­лар» (4 режиссёр койгон) фильми Л. киносун чет элге белгилүү кылды (Литва ССРинин мамлекеттик сыйл., 1960; Карлова-Вары ЭКФтин сыйл.). 1960-70-жылдары Л. киносунун өрүш алган учу­ру болду. 1970-80-жылдардын чегинде муундар­дын алмашуусу менен жаш режиссёрлор активдүү түрдө улуттук адабиятка кайрыла башташты: Г. Лукшас - «Менин балалыгымдын күзү» (Ю. Апутистин «Теофиль» новелласы боюнча, 1978), «Жай күздө бүтөт» (Р. Гранаускас боюнча, 1982), А. Пуйпа - «Шайтан урук» (П. Цвиркинин но­веллалары боюнча, 1980), «Аял жана анын төрт эркеги» (1984), «Түбөлүктүү жаркыроо» (Р. Ша­вялистин «Өчпөгөн жарык» повести боюнча, 1987) ж. б. 1980-жылдары Жалак Явичюстун - «Ке­чирип коюңузчу» (1983), «Тозоктогу жекшемби» (1988, Грикявичюс жана Квирикашвилинин ка­тышуусу менен), Вабаластын «Атлантика океаны­нын үстүнөн учуп өтүү» (1983); Р. Банионистин «Менин кичинекей жубайым» (1985), «Сенин жүзүң жадымда жок» (1988); Р. Лилейкистин «Мен бармын» (1989) фильмдери олуттуу окуя­лардан болуп калды. 1990-жылдарда кинолор­дун чыгарылышы кыскартылып, көптөгөн жеке менчик студиялар пайда болду. Көркөм кино­сунда маанилүү орунду Г. Лукшастын «Жылан­дын карашы» (1990), «Жердин жолоочулары» (1991), «Айлуу Литва» (1997) ж. б. тарыхый фильмдери ээледи. Реж. А. Пуйпанын «Таж-Ма­халга чейинки билет» («Фабийонас» Шавялис­тин аңгемеси боюнча, 1990), «Карышкыр тишинен тизилген шуру» (Л. Гутаускастын романы боюнча, 1997) ж. б. фильмдери улуттук адабиятка өзгөчө көз карашы менен кеңири белгилүү болгон. Ш. Бар­тастын адамдын өзү, жакындары жана жараты­лыш менен татаал мамилелерин чагылдырган фильмдери («Үч күн», 1991; «Коридор», 1995; «Үй», 1997; «Эркиндик», 2000; «Жети көзгө көрүнбөс», 2005) эл аралык аренада таанылды. Л. кинематографиясы 20-21-к-дын чегинде

«Күнөөнү кечирүү» тасмасынан бир көрүнүш. 2007.

көркөм жана даректүү жанрлардын ширелиши, стилдик көп түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Автор­дук документалистика салтын 1990-жылы жаңы муундун режиссёрлору улантышты: А. Стонис «Антигравитация», (1995), «Жалгыз» (2001), «Уку укай» (2006), «Коңгуроо» (2007). А. Матя­листин балдар онкол. ооруканасы жөнүндө «Жерге конор алдында» (2005) фильмдери дүйнөлүк атакка ээ болду. Л-нын Вильнюс, Каунас, Клай­педа, Паневежис, Шяуляй ж. б. ш-нда жыл са­йын эл аралык «Кино павасарис» («Кино жазы», 1995-жылдан), «Сканорама» (2003-жылдан) ки­нофорумдары, кыска метраждуу фильмдердин эл аралык «Тинклай» («Сети», 1999-жылдан) фестивалы өткөрүлөт. Л. кинематографисттер союзу 1928-жылы ачылган.

Ад.: Червонная С. М., Богданас К. А. Искусство Литвы. Л., 1972; Глемжа И.-Р. И. Памятники архи­тектуры Литвы. Л., 1978; Композиторы и музыковеды Советской Литвы. Вильнюс, 1978; Заповедники При­балтики и Беларуссии. М., 1989; Наступление на бед­ность: Доклад о мировом развитии 2000/2001 г. М., 2001; Борьба с изменениями климата: Доклад о развитии человека 2007/2008 г. М., 2007; Шлевис Г. Православные храмы Литвы. Вильнюс, 2006; Idem. A concise history of Lithuanian ballet. Vilnius, 2009; Литва // Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010. М. Молдалиева, Э. Кылычев.