МАЛАБАЕВ Жолдошбай: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЛАБАЕВ Жолдошбай (7. 11. 1917, азыркы Жалал-Абад обл., Сузак району, Чачкынчы кыш. - 12. 8. 2005, Бишкек) - тарых илимдеринин доктору (1970). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-45) катышуучусу. Жалал-Абад педагогикалык техникумун (1937), КПСС БК Жогорку партиялык мектебин (1954) бүткөн. 1938-59-ж. советтик администрациялык жооптуу кызматтарда, 1960-69-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтундаил. кызматкер, 1970-76-ж. секторбашчысы, 1976-97-ж. Философия жана укук институтунун информация секторунун улук илимий кызматкери болуп иштеген. 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 13 монография) автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстанда Совет бийлигинин жана мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө, чыңдалышына арналган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Малабаев Дж. История государственности Кыргызстана. Б., 1997.