МАКСЫМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАКСЫМ, жарма, ачкыл, магзым а ш - талкандан жасалган ачымал суусундук; ачытылган жарма. Көбүнчө арпа, буудай, жүгөрү талкандан жасалат. Кайнаган сууга талкан ча­лынып, 15-30 мин кайнатылат. Даамдуу бол­сун үчүн кээде талканы алдын ала майга чала куурулат. Суугандан кийин көрөңгө (ачыткы, катык) куюлуп, бир аз ун чалынат. Демейде жыгач же сыр идишке үстү жабылып, 4-5 ска жакын ачытылат. Кыргызстандык ишкерлер М. жа­соонун технологиясын өркүндөтүшүп, М-ды жасоо өндүрүшүн жолго коюп, максым шоро, жарма шоро, бозо шоро, чалап шоро, шоро ж. б.

түрлөрүн жасап, чет өлкөлөргө (Кытай, Казак­стан ж. б.) экспорттоодо. М. мүнөз тамак ката­ры да ичилет, к. Жарма.