МАКЕДОНИЯ (тарыхый аймак): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАКЕДОНИЯ - Балкан ж. а-нын борбордук бөлүгүндөгү тарыхый аймак; Сербиянын түштүк-чыгыш, Грекиянын түндүк-чыгыш жана Болгариянын түштүк- батыш бөлүгүн ээлейт. М. аймагында адам неолит доорунда эле жашаган. Биздин заманга чейинки 5-к-да биринчи жолу кул ээлик мамлекет (к. Македония Вайыркы) пайда болуп, биздин заманга чейинки 3-2-к-да аны римдиктер караткан. Биздин замандын 6-7-к-нда М-га славян уруулары отурукташкан. 0. кылымда М. алмак-салмак Византиянын, Болгар падышалыгынын, Стефан Душандын серб мамлекетинин курамына кирип турган. 14-к-дын аягында осмон түрктөрү басып алган. 1903-жылы М. аймагында Ички македониялык революциячыл уюм (ИМРУ, 1893-жылы негизделген) улуттук-боштондук көтөрүлүш уюштуруп, аны түрк аскерлери баскан. Биринчи Балкан согушунун (1912) жүрүшүндө М. түрктөрдөн бошотулуп, 1913- жылдагы экинчи Балкан согушу аяктаганда Бухарест тынчтыгы (1913) боюнча М. Грекия, Сербия жана Болгариянын бөлүгүнө түшкөн. Грекия Эгей М-сын, Сербия Вардар М-сын, Болгария Пирин аймагын алган.