МАЙКОП: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЙКОП (адыгейче Мыекъуапэ - алма өрөөнү же жапайы алма өрөөнү) - Адыгэ Респ-нын администрациялык борбору. Россиядагы шаар (1870-жылдан). Ак д-нын (Кубандын куймасы) оң өйүзүндө, Туапсе - Усть-Лабинск автомобиль жолунун боюнда, Москвадан 1669 км түштүктө жайгашкан. Калкы 154,7 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. бекети. машина куруу, тамак-аш (спирт, кант, кондитер азыктары, консерва), мүнөз эт (тоок, күрптүн ж. б.) даярдоочу фабрика, жеңил, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз («Майкопмебель», «Картонтара») ө. ж. ишканалары иштейт. ГЭС, педагогикалык институт, ИИИлер (анын ичинде экономика, тил, адабият жана тарых), 2 театр, камералык музыкалык театр (1993), филармония, 2 музей (анын ичинде тарыхый-край таануу) бар. 2001-жылы Россия академиялык искусство театрынын филиалы ачылган. Шаар 1857-жылы орус чеби катары негизделген. 1870-жылдан уезд шаары. 1871-жылы аскердик башкаруу жоюлган. 1942-43-ж. немис аскерлери басып алган. Монумент (Вошад коргонунун казылганынын урматына) орнотулган. М-то жыл сайын фестивалдар жана казак-орус маданиятынын күндөрү өткөрүлүп турат.