МАЙАМИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАЙАМИ - АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Флорида штатында. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 425,5 миң (2010, шаар агломерациясы менен 5,1 миллион, АКШнын 12 ири агломерациясынын бири). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына 7,4 миллион т жүк жана 4,1 миллион жүргүнчү ташылган). 1895-жылы негизделген. Маанилүү соода-финансы борбору. Машина куруу (авиа, космос ракеталары), металл иштетүү, радиоэлектроника, авиация, полиграфиялык, тигүү, тамак-аш-татымал ө. ж. ишканалары, бир нече сигарет даярдоочу фабрикалар, медициналык жабдууларды жана аспаптарды чыгаРУУЧУ заводдор, зер буюмдар өндүрүшү иштейт. Университеттер, опера театры, сүрөт музейи, океанариум бар. АКШнын аскер-деңиз жана аба базасы. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. Шаардын айланасында жана шаарда 80ден ашык парк бар. Алигатор фермасы иштейт. Круиз саякатынын борбору. Жыл бою иштеген дүйнөдөгү эң ири климаттык курорттордун бири (жылына 5 млнго жакын турист келет). Туризм өнүккөн. АКШ спортунун борбору.