МАДЕЙРА (аралдар): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАДЕЙРА - Атлантика океанындагы аралдар тобу, Африка жээгинен түндүк-батышта. Португалиянын аймагы. Аянты 797 км2. Эң чоң аралы - Мадейра (бийиктиги 1860 л«ге чейин; БикуРуйву чокусу). Аралдары - суу астындагы
жанартоолордун чокулары. Климаты океандык, жер ортолук деңиздик; жылдык жаан-чачыны 740 ммте чейин. Жер ортолук деңиз өсүмдүктөрү (маквис, каштан токою, лавр дарактары, мырза карагай) өсөт. Тропик дыйканчылыгы, жүзүмчүлүк, шарап чыгаруу өнүккөн. Кышкы курорттору бар. Башкы ш. жана порту - Фуншал (Мадейра а-нда). Ал 1419-жылы португалиялык деңиз саякатчылары Ж. Гонсалвиш-Зарку жана Т. Ваш Тейшейр тарабынан ачылган. 1433-жылдан азыркы аты менен белгилүү. 15-к-дан бал камыш өстүрүлө баштаган. 17-к-дан шарап өндүрүлөт. 1807-14-ж. Наполеон согушу учурунда британиялыктар басып алган. 1976-жылдан Португалиянын автономия региону. Жалпы элдик шайлоо аркылуу шайлануучу өз парламенти региондук деңгээлде кеңири ыйгарым укуктуу өкмөтү бар.