МАДАНИЙ КАТМАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАДАНИЙ КАТМАР — адамзат турмушун, чыг­лыгын чагылдырган археол. калдыктардын катмары. Адам жашаган жерде калган буюм­дар, кооздуктар, согуштук жана эмгек куралдары, тамак-аш калдыктары мезгилдердин өтүшү менен М. к-ды түзө берет. Археол. казууда М. к-лар табылып, алардын ар биринин доору аныкталат. Табылган буюмдар аркылуу эс­теликтин жашаган доору, ошол мезгилдеги калктын маданияты тууралуу маалымат алынат. М. к-дын жалпы калыңдыгы бир канча милли­метрден ондогон метрге чейин жеткен учурлар кездешет.