МАДАЛИ ЭШЕН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАДАЛИ ЭШЕН (Ийикчи эшен), М у х а ммед-Али Халиф Мухаммед-Сабыр Суфиев (1846, Фергана өрөөнү, Шохидон кыш. - 24. 5. 1898, Анжиян ш.) - Анжиян көтөрүлүшүн жетектегендердин бири. Бухара жана Самарканд ш-ндагы медреселерден билим алган. Россия империясынын жүргүзгөн колониялык саясатына каршы нааразычылыктар элдик көтөрүлүшкө алып келип, элдин сунушу менен М. көтөрүлүшкө жетекчилик кылган. Мисалы, Кайыпназар, Магзум Зиябидин башында турган эл Анжиянга, Оморбек датка Бекмуратов менен Өмүрбек датка Ошко, Көгарт болуштугунун башчысы Чыйбыл жана Атакул паңсат Ханазаровдор Кара-Көлдөгү казак-орус отрядына кол салууну пландап, куран кармап ант беришкен. 1898-жылы 18-майда алар эки ротадан турган Анжиян аскер гарнизонуна кол салып, тез эле жеңилип калган. М. башында турган
22 адам дарга асылып, калгандары Сибирге айдалган.
Ад.: Ювачёв И. Курбан-Джан-датха, кара-киргизская царица Алая. Туркестанский сборник. Т. 471.
Э. Турганбаев.