МАГНЕЗИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МАГНЕЗИТ (Гренландиядагы Магнезиа деген жердин атынан) - 1) карбонаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы М§СО3. Ку­рамында 47,22% М§0, 52,18% СО2, кошумча түрдө Ее, Мп, Са кездешет. Кристаллдык түзүлүшү калъцит сыяктуу. Өңү-түсү ак, саргыч боз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,75-4,25. Тез талкаланып, морт болот. Салыштырма салмагы 3,0. Кен­дери туздуу жана гипстүү тектерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ультранегиздүү тектердин өзгөрү­шүнөн гидротермдуү эриндилери келип чыгат.

Метаморфизм процессине дуушар болгон доло­митте кездешет; 2) магнезиттен турган жана крис­таллданган тоо тек. Гидротерм, инфильтрация жана чөкмө жолу менен пайда болот. Химиялык сырьё катары цемент, карапа, кагаз ө. ж-нда колдо­нулат; 3) магний кычкылынан (1-10%) турган отко чыдамдуу материал.