МАГМАТИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска
МАГМАТИЗМ - магманын эрип, өзгөрүп, орун которуштуруп, катуу тоо тектер менен өз ара аракеттенип жана сууп, тоо текке айланышы менен байланышкан процесстер. Жер кыртышынын терең бөлүгүндө ар кандай физикалык-химиялык процесстерден пайда болуучу балкыган ысык магманын курамындагы суу буулары менен газдар магманы суюк жана кыймылдуу абалга алып келет. Тыгыздыгы төмөндөп, салмагы жеңилдеп, жогору көздөй көтөрүлөт. Магманын алган ордуна, кыймыл-аракетине жараша терендиктеги (интрузия) жана жер бетиндеги (эффузия же вулканизм) М. болуп ажыратылат: 1) интрузия М-инде магма жер бетине көтөрүлүп чыкпай, тереңдиктеги боштуктарды ээлейт. Өтө жай сууп, курамындагы минералдар толугу менен кристаллдашып, толук кристаллдуу текке айланат (мисалы, гранит); 2) эффузия М-инде магма терең жаракалар менен жогору көтөрүлүп, жер бетине жанартоо болуп атылат. Натыйжада магманын курамындагы СУУ буулары, газдар атм-га тарап кетет. Суу буулары менен газдан ажыраган мындай магма лава Р,ет1 аталат. Лава атм-нын каршылыгына учурап, өтө тез сууйт. Курамындагы минералдар кристаллдашууга үлгүрбөйт. Кристаллы жок аморфтуу тек келип чыгат (мисалы, базалът). М., ошондой эле алган орду боюнча геосинклиналдык, платформалык, океандык, активдүү аймактык; терендиги боюнча абиссалдуу, гипабиссалдуу, жер бетиндеги (вулканизм); магманын курамы боюнча ултьранегиздүү, негиздүү, кычкылдуу, жегичтүү болуп бөлүнөт.