МААСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 октябрь 2026, саат 08:48 учурдагы нуска

МААСЫ — булгаарыдан ултарылган кончтуу та­касыз бут кийим. Чулгоо оронуп, кепич менен ки­йилет. Кончу калың териден жасалат. Эгерде кончу

жука болсо, ичине чүпүрөк ас­тарланат. Кыз-ке­линдердин М-лары кооздолуп, оймо түшүрүлөт. М. оң жана сол бутка ыла­йыкталып, айыр­малуу (эки жак­туу) жана эки бутка бирдей (бир жак­туу) тигилет. М. ултарылышына карай намеркен М., булгаары М., кырым М. ж. б. болуп бөлүнөт. М. Чыгыш эл­дерине байыртадан кеңири тараган. Менены не­гизинен улгайган адамдар кийишет.